Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЧүй району 01.10.2018 14:36 На русском

«Мекендештер»: Экзотикалык аралда жашап, бакыт үчүн аалам кезген А.Токтосунованын жашоосу (видео, сүрөт)

Turmush -  Турмуштан жолу болбой Москвага барган Асел Токтосунованын жашоосу түп тамыры менен өзгөрдү. Ал учурда экзотикалык аралдардын бири болгон Балиде жашап, кызын жергиликтүү мектепке окууга берди.

Асел Токтосунова 1974-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

Кызым Назик менен үйдөн кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөбүз

- Мен Бишкек шаарында төрөлүп, ушул жерде өстүм. Кийин турмушка чыгып, бирок жолдошум экөөбүз эки жолго түшүп, ажырашып кеттик. Учурда 5 жашар кызым менен Индонезиянын Бали аралында жашайм. Кудайым буюрса, жашообуз жакшы. Кызым Бали башталгыч мектебине барат. Аты Назик, коомдук жайларда англис тилинде сүйлөйт. Үйдөн кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөбүз.

Дүйнө жүзүн саякаттап баштадым

- Кыргызстандан Москвага көчүп кеткенден кийин жашоом толугу менен өзгөрдү. Москвада иштедим, окудум. Ал жактан ар кандай адамдар менен тааныштым, дос күттүм. Россиядагы жергиликтүү тургундар күз жана кыш айларында жылуу мамлекеттерге кетишет экен. Мен да жол-жобосун таап, алгач 15 күнгө Египеттин Шарм-эль-Шейх курорттук шаарына бардым. Бирок 15 күн жетпейт экен. Ошентип Индияда 3 ай жүрдүм. Андан кийин Таиланд, Филиппин, Тунис, Египет, Малайзия, Ява аралына саякаттап баштадым.

Эч жерде иштебей экзотикалык аралда жашоого мүмкүнчүлүк таптым

- Көп жылдап эмгектенип жүрүп Бишкектен, Москвадан үй алдым. Аларды ижарага бердим. Азыр эч жерде иштебей эле ошол ижара акы менен жашаганга мүмкүнчүлүк таптым. Антсе да, иштеп көнүп калган жаным курбуларым болуп жеке ишкерлик менен алектенүүнү көздөп жатабыз. Иш баштоонун алдында Индонезиянын мыйзамдарын жана тилин тереӊдеп үйрөнүүгө аракет кыла баштадык.

Мен Балиде абдан бактылуумун

- Бали өзгөчө арал. Жаратылышы сонун. Адамдардын жүздөрүнөн күлкү кетпейт. Москвада же Бишкекте жылмаюуну унутуп калам. А, бул жерде күнүгө маанайын ачык, бактылуу сезимдер курчап турат. Чет жерден келген түрдүү кошуналар менен турабыз. Бир кошунам Жаңы Зеландиядан, экинчиси Испаниядан болот. Менин кызымдын досу Калифорниядан экен. Элдер тааныбаса да салам беришет. Мага бул жер абдан жаккандыктан кызымды ушул жерден чоңойтуп жатам. Ачыгын айтканда, мен бул жерде бактылуумун.

Индонезия 17 миӊ аралдан турган мамлекет. Ошонун бирөөсү Бали деп аталат. Анын борбор шаары — Денпасар. Элинин көбү индуизм жана ислам динин карманышат. Экономикасы тез өсүп жатат. Себеби, 80% инвесторлор чет мамлекеттен келишет.

Убагы келгенде мекениме кайтам

- Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү дегендей, Кыргызстан менин жүрөгүмдө. Кыргызча сүйлөп, улуттук тамактардын баарын жасайм. Кыргызстанга кайтабыз, албетте убактысы келгенде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×