Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуКемин району 01.10.2018 11:21 На русском

Кеминде ата текти унутпоо максатында чечейлердин жыйыны өттү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында сарыбагыш уруусунан тараган чечейлердин жыйыны болду. Анда кийинки муундун өкүлдөрү такталып жазылып, санжыра түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жыйындын уюштуруучулар тобунун жетекчиси Кубанычбек Мурадилов билдирди.

«Жаӊылбасам, 2015-жылы сарбагыш уруусунун чоӊ курултайы өткөн. Ошондо сарыбагыш уруусунан тараган балдардын санжырасын түзүү боюнча сөз болгон. Ушул сөздөн улам сарыбагыш уурусунан тараган чечей уругунун жыйыны болду. Азыр санжырага көп маани берилип жатпайбы. Мурун ата-тегибизди деле жакшы билбей калганбыз. Бул жыйындын максаты – жаӊы муун ата тегин унутпоо, ынтымакта болуу. Жыйында арбактарга багыштап куран окудук. Ар бир облустан чечейлер шайлап жиберген өкүлдөр келип, кимден кийин ким тараган, канча баласы бар деп чөбөрөлөргө чейин тактап жаздык. Иш-чара концерттик программа менен коштолду», - деди ал.

Жыйында 50 боз үй тигилип, ага 7 облустан 200гө жакын киши келди. УКМКнын мурунку жетекчиси Кеӊешбек Дүйшөбаев да келип катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×