Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуЧүй району 01.10.2018 10:53 На русском

Чүй районунда Карылар күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда Карылар күнү белгиленип, ага 200гө жакын карыя катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Бакыт Караев билдирди.

«Биз 27-28-сентябрь күндөрү 200гө чукул карыяга сый-тамак уюштуруп, концерттик программа менен куттуктадык. Районубуздан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты келип, ар бирине 1000 сомдон акчалай сыйлык берди. Иш-чарага аким Каныбек Апбасов, айыл өкмөт башчылары катышты.

Биздин райондо 100дөн ашкан эки кары адам бар. Аларга 1-октябрь күнү барып, азык-түлүк баштыгыбыз менен куттуктап кетебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×