Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 29.09.2018 14:41 На русском

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүн 16 жыл башкарган Алакшүкүр Гасановду ат мингизип, чапан жаап узатышты (сүрөт)

Turmush -  Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алакшүкүр Гасановду педагогдор жамааты салтанаттуу түрдө эс алууга узатышты. Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, ал жашы жеткенине байланыштуу кызматынан бошотулган.

Алакшүкүр Гасанов бул кызматты 16 жылдан бери аркалап келген. Ага үзүрлүү эмгеги үчүн урмат-сый көрсөткөн жамааты ат мингизип, чапан жаап, ак калпак кийгизишти. Ошондой эле А.Гасановдун эмгек жолу тууралуу слайд-шоу да даярдашкан.

Учурда Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындала элек.

А.Гасанов 1951-жылы Казакстандын Жамбыл облусунда төрөлүп, ошол жактагы жаңы жол айылында орто мектепте билим алган. 1969-жылдан тарта ошол кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде жогорку билим алып баштаган. 1975-жылы Кара-Балтанын Сосновка айылындагы мектепте тарых мугалими болуп эмгек жолун баштаса, 1980-жылы ошол эле мектептин директору болгон.

Ал эми 1982-жылы Ново-Николаевка айылындагы кесиптик окуу жайды жетектеп, 1986-1990-жылдары кайрадан Сосновка орто мектебинин директору болгон. Мугалим, мектептердин директору кызматтарын аркалап жүрүп 1990-91-жылдары мурунку Калинин (азыркы Жайыл району) районунун билим берүү бөлүмүн жетектеген. 1991-жылы Сосновка айылдык кеңешинин төрагасы, 1996-2001-жылдары Сосновка айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенди.

Ал эми 2001-2002-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик райондук администрациянын аппаратын жетектесе, 2002-жылдын ноябрь айынан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×