Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 28.09.2018 17:54 Жаңыланды: 29.09.2018 10:29

Жеңеке: Баткендик Г.Жумагулова чүйлүк жигит менен ишембиде таанышып, эртеси ага турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Жээк айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлмира Жумагулова жаӊы келин болгондо бөлөк үйгө көнө албай, түн ортосунда ыйлачу. Ал бала кезинде көп түйшүк тартып, өзүнүн актриса болуу кыялын орундата албай калганына өкүнөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен алгач Талас медициналык училищаны, андан соӊ И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагам. Жаӊы келин болгондо чоочун бүлөгө көнүп кетүү кыйын болду. Бул көрүнүш бардык эле аялзатынын башынан өтсө керек. Кечинде баары уктаганда эшикке чыгып ыйлап алчумун. Бир күнү ыйлап жатсам, жолдошум чыгып келип, "эмнеге ыйлап жатасыӊ?" десе, коркуп кетип "ыйлаган жокмун, көзүмдөн жаштар өзү эле агып жатат" деген элем. Ошондон бери жолдошум мени тамашага салып, "бул ыйлабайт, көзүнөн жаш өзү эле агат" деп айта берет», - деди ал.

Гүлмира Жумагулова жолдошу менен бирге жашап келе жатканына 21 жылдын жүзү болду.

«Кыз-жигит болуп деле жүргөн жокпуз. Ишемби күнү кечинде кокусунан таанышып калганбыз. Ал мени дароо жактырып, эртеси жекшемби күнү баш кошконбуз. Тагдыр, буйрук экен. Түштүктөн келип, түндүккө келин болуу оор болду. Кантсе да тилибизде айырма бар эмеспи. Кайненем жакшы киши экен. Бир да жолу кыр көрсөткөн жок. Жолдошум экөөбүз эки баланы тарбиялап өстүрдүк», - деди ал.

Гүлмира жеңе Баткен облусунун Лейлек районунда 1977-жылы 9-сентябрда төрөлгөн.

«Эӊ улуусу мен болгондуктан үйдө түйшүктүн көбүн тарттым. Апам көп ооручу. Менден кийинки сиӊдим көп убакыт китеп окуп, мага жардам берчү эмес. Кичинекей кезимде актриса болгум келчү. Бирок менин ал кыялымды бир да киши уккан жок. Бизде айылда жумуш өтө көп болчу. Жайында тамекиде иштесек, кышында килем жасачубуз. Айтор кыздар жаш кезинен жумуш жасап, көр оокатка эрте аралашчу. Апам "түнгө чейин тамеки тизип отуруп уктап калчусуӊар" деп айтып калат. Килемдин да түйшүгү көп эмеспи. Жүндү жууп тытабыз. Андан кийин ийикке ийрип, боёкко салып, килем согуп баштайбыз. Ал кезде кыздар 6-7-класста эле үйрөнүп алышчу. Союз тарагандан кийин айылда жумуш жок, баары борбор калаага агыла башташты. Элдин агымы менен биз да келип, ошол жылдары көп кыйынчылык тартып калдык.

Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Мен медицина тармагында эмгектенем. Бош убактымда кичинемден үйрөнгөн өнөрлөрүмдү да калтырбай эмгектенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×