Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусу, Орловка 28.09.2018 14:31 На русском

108 жыл мурун түзүлгөн Орловка шаарынын күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Орловка шаарынын күнү белгиленди. Ал шаар макамына 2012-жылдын 27-сентябрында ээ болгон.

Шаар башчысы Бактыбек Чанчаровдун айтымында, мындан 108 жыл мурун Россия падышалыгына караштуу Курск, Полавск губернияларынан жана түндүк Кавказдан көчүп келгендер аркылуу Орловка кыштагы түзүлгөн.

«Анда кыштакчанын түзүүчүлөрү Василий Дугинов, Максим Глушко жана Савелий Поляковдор болгон. "Завет Ильича" жана "Новая жизнь" аттуу эки колхоз түзүлүп, кийин экөө бириккен. Ошентип Орловка кыштагы шаар макамына 2012-жылдын 27-сентябрында ээ болгон. Жыл сайын 27-сентябрь шаар күнү катары белгиленип, майрамдык иш-чара менен өткөрүлүп келет. Бул жолу да концерттик программа менен коштолуп, спорттук мелдештер уюштурулду», - деди ал.

Иш-чаранын алкагында КРдин желеги көтөрүлүп, аны көтөрүү салтанатына Америкадан таяк тартыш мелдешинде 1-орунду алып келген Азат Таштанбеков катышты. Кечинде жаштарга дискотека уюштурулуп, коӊшу айылдардан келген тайпалар ортосунда улак тартыш оюну да өткөрүлдү.

Шаар башчысынын айтымында, учурда шаарда официалдуу эмес эсеп менен 10 миңге жакын жашоочу бар.

«2009-жылкы каттоонун эсеби менен шаарда 6342 киши жашайт. Буюрса эмки каттоо 2019-жылы өткөрүлөт. Азыр болсо болжол менен 10 миӊден ашуун тургун жашайт. Шаардын бир өзгөчөлүгү көп улуттуу. 60 пайыз кыргыз болсо, 30 пайыздын тегерегин орус улутундагылар түзөт. Калган 10 пайыз ар улуттун өкүлдөрү.

Шаарыбыз тоо лыжа базасы менен туристтерге кеӊири таанымал жана ири, чакан ишканалар өзүнүн ишин улантып келет. Мындан сырткары жолдорубуз четинен оӊолуп, муниципалдык мончо жакында ишке берилет», - деди ал.

Орловка шаарында 2 чоӊ мектеп, 3 бала бакча, Орловка ооруканасы жана шаарга караштуу 2 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×