Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.09.2018 10:53

«Менин сүйүүм»: Өзүнөн 7 жашка кичүү жигитке үчүнчү уулу төрөлгөндө турмушка чыккан С.Дедиеванын жашоо баяны (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун 47 жаштагы тургуну Сагын Дедиеванын бактылуу жашоосу элде жок сүйүү менен башталган. Ал өзүнөн 7 жашка кичүү жигитти жакшы көрүп калып, тагдырдын чоң сыноосуна кабылган. Сагын эже аймактык кабарчыга өзүнүн башынан өткөргөн жана өткөрүп жаткан турмушун айтып берди.

Келечекте бизди эмне күтүп турганын билген эмеспиз

- Албетте, мунун баарын ачык айтып берсем, балким азыркы муундун жаштарына үлгү же кандайдыр бир жакшы жагынан жардам берер. Себеби, азыркы жаштар бирин-бири түшүнбөй, сыйлабай, тез эле эки айрылыш жолго түшүп кетип жатышпайбы. Анда эмесе баштан кечирген жашоомду сөз кылайын.

2000-жылы кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирип, өзүмө караштуу чакан цех ачып иштетип калдым. Колумда бир топ улан-кыздар эмгектенип, ээр токум, кийизден ар кандай азем белектерди, бут кийим, шырдактарды жасачубуз. Бир күнү бир жигитти апасы ээрчитип келип: «Менин уулум каскадер. Бирок бул өнөр баламдын ден соолугуна зыянын тийгизип коёт деп корком. Андан көрө кол өнөрчүлүк менен алектенсин. Үйрөтпөйсүңбү, өзү жөндөмдүү жигит», - деп калды. Макул болуп, ал жигитти жумушка алдым. Чынында колунан көөрү төгүлгөн уста экен. Ал кезде бизди келечекте эмне күтүп турганын билген эмеспиз.

Ушул эле 2000-жылы мен кокусунан жол кырсыгына кабылып, үйдө жатып калдым. Иштеген жерим айылда болсо, жашаган жерим шаарда болчу. Италияда турган эжем келип, мени карап, ордуна баягы жигитти таштамай болду. «Абдан жакшы бала экен. Бир мүнөздүү, адептүү. Сени ушул бала карап, багып турсун» деп кетти. Мен анда биринчи күйөөмдөн калган кызым менен жашачумун. Ал жигит экөөбүз жакындан таанышып, андан чыныгы мырзаларга тиешелүү сапаттарга ээ экенин көрө алдым. Экөөбүз ошондо жакын мамиледе болуп кеттик. Бул эми тагдыр...

Биринчи жолдошумдун үй-бүлөсү менен катышып турчумун

- Ошентип бир жылдан кийин менин боюмда болуп калды. Болочоктогу жолдошумду ушунчалык жакшы көрүп, бирок экөөбүз баары бир бирге болбойбуз деген ой менен жашап жүрдүм. Себеби, ал менден 7 жашка кичүү эле. Апасы келгенде уулун мага үйлөн деп кыйнабай турганымды, ичимдеги баланы биринчи жолдошума каттата турганымды айттым. Биринчи жолдошум менен сый мамиледемин. Анын үй-бүлөсү менен катышып деле жүрдүк. Бул жолдошум экөөбүз илгери сүрөтчүлөр окуу жайында таанышканбыз. Ал дагы өнөрлүү адам. Ошол себептен үй-бүлөсү менен келип, биздин устаканада эмгектенип кетишчү. Экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө жолдун алыстыгы себеп болгон. Ал Ош жергесинде жашап, мен Чүйдө жашачумун. Ага баланы каттатуу боюнча сунуш берсем, үй-бүлөсү менен чогуу макул болду. Бирок тиги жигит башка бирөөгө каттатпай, өзүмө эле каттатам деп болбой койду. Ошону менен мен да унчуга алган жокмун. Арадан бир аз убакыт өтүп, уулум төрөлдү.

Үчүнчү уулубуздан кийин баш коштук

- Италиядагы эжем: «Жаш бала сени бир күнү болбосо, бири күнү таштап кетет. Сен ошого даяр бол. Жан дүйнөӊ менен берилип сүйүп алба», - деп айтты. Мен да ушуну ойлоп, качан таштап кетет деп сарсанаа болуп жүрдүм. Бирок жарандык никеде жашап жүргөндө эле ал баласаак экенин билдим. Ортодон жылдар өтүп экинчи уулубуз, андан кийин үчүнчү уулубуз төрөлдү. Ушул үчүнчү уулубуз төрөлгөндө жолдошум экөөбүз мыйзамдуу түрдө баш коштук.

Чырдашпай, сыйлашып жашайбыз

- Ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз. Чоӊ балабыз 15 жашта, андан кийинкиси 10 жашта, үчүнчүм 7 жашка толду. Жолдошум азыр ат оюндары боюнча машыктыруучу болуп, балдарды үйрөтүп, тойлордо, мамлекеттик чоӊ-чоӊ иш-чараларда оюн көрсөтүп жүрөт. Мени аябай сыйлап турат. Мага жаккан буюмдарды көп жасайт. Көӊүлүмдү дайым көтөрүп турганга аракет кылат. Аял кишиге мындан артык эмне керек? Башында кандай бир-бирибизди сыйласак, азыр да ошондой сыйлашабыз. Үй-бүлөнү биринчи орунга коёт. Балдарын абдан жакшы көрүп, эркелетип турат. Көчмөндөр оюндары башталгандан тартып аягына чейин ошол жерде болду. Күнүгө телефон чалып, балдарын сурап турду.

Аял менен эркек бирин-бири түшүнүп жашаса эле, чынында жашоо болот экен. Азыркы жаштар бирин-бири түшүнбөй, бирин-бири сыйлабагандыктан тез эле ажырашып кетип жатышат.

Жолдошумдун туугандары мени жылуу кабыл алганына ыраазымын

- Биздин баш кошконубузга кайын энем, кайын агаларым каршылык деле көрсөтүшкөн жок. Жакшы, жылуу мамиледе болуп кеттик. Аяштарым баары менден кичүү болуп, башында көнө албай, өзүмдү башкача сезип жүрдүм. Бирок алар атымдан айтып эле, жакшы мамиле жасап кетишти. Мен да аларга кантип көнүп кеткенимди билбей калдым. Аяштар, классташтар менен катышып турабыз. Баары жакшы, өкүнгөн эч нерсе жок. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей жолдошумдун колунан баары келет. Ат оюндарына, каскадерлукка, кол өнөрчүлүккө абдан кызыгат. Жылкы багып, ээр токумдарын жасап, аттын жалыны менен ойнойт.

30 жылдан жылдан бери зергерчилик менен алектенем

- III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Аламүдүн районундагы делегация менен чогуу барып, өз өнөрүмдү тартуулап, кыргыздын зер жана тери буюмдарын даӊазалап келдим.

1988-жылы Фрунзеге келип, сүрөтчүлөр окуу жайына тапшыргам. Ошондон бери зер буюмдарды жасайм. Көбүнчө күмүш менен иштейм. Негизи кол өнөрчүлүк каныбызда бар. Менин урук-тууганымдын баары уста, кол өнөрчү кишилер. Чоӊ таятам Адис Копоев белгилүү уста болгон. Илгери усталар терини да сөзсүз иштете билчү экен. Анткени тери менен темир бирге жүрөт деп коюшат. Ошол себептен мен тери иштетүү боюнча атайын билим алып, иштеп жатам.

Өзүм 1971-жылы Жумгал районунун Кызарт айылында төрөлгөм. Учурда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×