Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.09.2018 08:55

Сокулукта СССРдин спорт чеберлеринин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча турнир өтөт (сүрөт)

Turmush -  Ушул жылдын 29-30-сентябрында Сокулук районунун Сокулук айылындагы «Темирлан» спорт комплексинде 2006-2007-жылдары туулган, 2008-2009-жылдары жана 2010-2011-жылдары туулган балдар арасында дзюдо боюнча СССРдин спорт чеберлери М.Кыскараев, М.Жаманкуловдордун жаркын элесине арналган республикалык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга турнирди уюштуруучулардын бири Кайрат Тургумбаев билдирди.

«Бул мелдештин башкы максаты — аталган СССРдин спорт чеберлеринин атын өчүрбөй сактап жүрүү жана дзюдо аркылуу жаштардын ынтымагын бекемдеп, аларды мекенчилдикке тарбиялоо, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу менен жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелинет. Аталган мелдеш жети жылдан бери өткөрүлүп келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×