Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.09.2018 11:15

Шарттуу соттолгон кыргызстандык киши унаага жашынып, Казакстанга өтүүгө аракет кылган

Turmush -  Кечээ, 26-сентябрда «Ак жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек арачылар унаанын арткы отургучуна жашынып, Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаранды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын 1974-жылы туулган жараны Р.Ш. «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа менен көзөмөл жайынан өтүүгө келген. Чек ара нөөмөткери автотранспортту текшерүү учурунда унаанын арткы отургучунун түбүндө жуурканга жашынып жаткан белгисиз адамды тапкан.

Көрсөтмө алуу учурунда унаага жашынган адам 1985-жылы туулган С.К. (Кыргызстандын жараны) экендиги аныкталып, ага тиешелүү органдар тарабынан өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганы белгилүү болду. С.К. шарттуу соттолгондуктан таксинин айдоочусу Р.Ш.га алдын ала акча берип макулдашып, ал Казахстанга өткөрүүнү убадалаган.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтурган соң аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×