Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЧүй району 26.09.2018 15:34 На русском

Айыл турмушу: 24 жаштагы жеке ишкер жана модель Айтунук эл аралык сулуулар сынактарына катышып келет (сүрөт)

Turmush -  24 жаштагы чүйлүк Айтунук Жаныбекова моделдик чөйрөдө алектенип, сулуулар сынактарынан калбай катышып келет. Ал Түркияда өткөн сулуулар сынагына барып, аэропорттон адашып кеткенин эч унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бир жолу Түркияга сынакка барып калдык. Кыргызстандан 3 кыз барганбыз. Сынак бүтүп, кайра Кыргызстанга кайтуу үчүн Стамбулдун аэропортуна бардык. Эмне болду билбейм, жолдон адашып кеттик. Үчөөбүз теӊ тил билбейт экенбиз. Убакыт болсо зымырап өтүп жатат. Уча турчу убактыбыз биздин тынчыбыз улам кеткен сайын жакындай бергендей сезилди. Жаныбызда ашыкча акча жок болчу. Курсагыбыз ачып, алыбыз да кеткен. Эми эмне болот деп аябай кайгырып, сарсанаа болуп издеп жүрсөк, алдыбыздан чыккан адамдар бизге жол көрсөтүп беришти. Ошондо учарга абдан эле аз убакыт калган болчу. Акыркы мүнөттөрдө жетишип калдык. Ошол күн такыр эстен кетпейт», - деди ал.

Гитаранын коштоосунда аткарылган ырларды укканды жактырган Айтунук фитнес менен машыгып келет.

«Ата-тегим Ош жергесинен болушат. Үйдө ата-энем жана төрт бир тууган болуп жашайбыз. Атам жеке ишкер болсо, апам үй кожейкеси. Бир туугандарымдын баары студенттер. Өзүм болсо №67 орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алып чыккам. Учурда жеке ишкердик менен алектенип, моделдик чөйрөдө иштейм. Сулуулар сынагына да катышып келем. Буга чейин эл аралык сынактарга катышсам, учурда "Кыргызстандын сулуусу" сынагына катышып жатам.

Чынын айтсам, жашоодо эч нерсеге деле өкүнбөйм. Баарына шүгүр кылам. Ар бир күнүмдү бактылуу күндөр деп эсептейм. Жашоодон ырахат алып жашайм. Эгерде алдымдан бир сыйкырчы чыкса, анда биз жашаган жер шаарына тынчтык жана аманчылык сурамакмын.

Бош убактымда китеп окуйм, музыка укканды абдан жактырам. Гитаранын коштоосунда аткарылган ырларды сүйүп угам. Китептерден болсо, медициналык жана психологиялык китептерди окуйм. Айтмакчы, менин медицина жаатында да билимим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×