Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.09.2018 12:34

«Жеңеке»: Мугалим М.Молдошевага кайын атасы пенсия алган сайын көлөч сатып берчү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын тургуну Махабат Молдошева жолдошу менен мектепте акыркы коӊгуроодо таанышып калган. Шаарда өскөн каарманыбыз айылдык жигитке турмушка чыгып, кайын ата менен кайын эненин сүйүктүү келинине айланган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1993-жылы жолдошум Мундузбек Молдошев менен таанышып калдым. Ал Ысык-Атанын Жээк айылынын жөнөкөй жигити болот. Аталган жылы 25-май күнү ал мени мектептен көрүп, дароо жакшы көрүп калыптыр. Ал ушунчалык тырышчаак болчу. Жетем дегенине жете турган мүнөзү бар. Таанышкандан кийин, Мундузбек мени күн сайын жумуштан тосуп алып, үйгө чейин узатып барчу. Ошентип жүрүп, ушул эле жылы экөөбүз баш коштук. Кыргыз тилинен анчейин билбеген шаардык кыз айылдык жигитке турмушка чыкты. Мен кайын атам менен кайын апамды аябай жакшы көрүп сыйлачумун. Атам аябай билимдүү киши эле. Айылдык кеӊештин башчысы болгон экен. Эӊ кызыгы ал мага пенсия алган сайын көлөч алып келе берчү.

Эсимде, бир жолу өз алдымча боорсок бышырууну көздөп, аябай аракет менен бышыра баштадым. Бирок, казандагы майды аябай күйгүзүп алган экенмин. Аны кайын атам тамашага салып, "Эч нерсе эмес, шаардыктардын боорсок майы эмес, казаны кошо күйүп кетет" деп күлдүргөн. Азыр кайын энем 80 жашта. Бирге жашайбыз», - деди ал.

Махабат Молдошева 1974-жылы 3-апрелде көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн.

«Үйдө ата-энем бизден бир эле нерсени талап кылчу. Ал тарбия-таалим жана билим-илим болчу. Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар.

1997-жылдан 1999-жылга чейин Дмитриев орто мектебинде көркөм өнөрдөн сабак берип эмгектенип калдым. 2003-жылдан кийин Жакыпова атындагы орто мектебинде орус тилинен сабак берсем, 2006-жылдан баштап Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгында жетектөөчү адис болуп эмгектендим. 2013-жылдын июль айынан тарта Кант шаардык №4 мектеп-гимназиясынын директору болуп иштеп келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×