Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.09.2018 11:45 На русском

Ысык-Атада турак үй менен жеңил унаа өрттөндү. Үй ээлери конокко кеткен (сүрөт)

Turmush -  23-сентябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында турак үйдүн 70 чарчы метр аянты өрттөндү. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт Киров көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринен чыккан.

Күбөлөрдүн айтымында, турак үй менен чогуу жанында токтоп туган жеңил унаанын капталдары күйүп кеткен. Бул унаа 1972-жылы туулган М.С. аттуу аял кишиге таандык болгон. Өрт үй ээлери кошунасыныкына конокко кеткен маалда болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×