Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуСокулук району 25.09.2018 09:54 На русском

Сокулукта маркум депутат Ж.Сурабалдиевдин элесине арналган футбол мелдеши өттү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда маркум депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган футбол мелдеши өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеште район боюнча жалпы 6 тайпа күч сынашып, 1-орунду «Сокулук» командасы жеңип, 30 000 сом, кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты. Ал эми 2-орунду алган «Кызыл-Туу» командасына 20 000 сом берилип, 3-орунду багындырган «Фрунзе» тайпасы 15 000 сомго ээ болду. Ошондой эле 4-орунду алган «Төш-Булак» тайпасы 5 000 сом менен сыйланды.

Мелдештин жыйынтыгында мыктылар тандалып, белектер тапшырылды. Нияс Түлегенов мыкты оюнчу, Руслан Бабаев мыкты дарбазачы, Рустам Дүйшебаев мыкты коргоочу жана Улан Бактыбаев мыкты чабуулчу аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×