Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 24.09.2018 19:21 Жаңыланды: 24.09.2018 20:10 На русском

Бурулайдын өлүмү: Сот залына милиционерлер кошо алынып келди (сүрөт, тизме)

Turmush -  Бүгүн, 24-сентябрда Жайыл райондук сотунда 19 жашында бычакталып көз жумган Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи сот отуруму өттү.

Сот залына 2 негизги айыпталуучу — Бурулайды ала качып, кармалгандан кийин РИИБдин имаратында аны бычактаган деп шектелип жаткан Марс Бөдөшов менен ошол учурда анын жанында болгон Акмат Сеитовдон башка 5 милиция кызматкери алынып келди. Мурунку милиционерлерге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 316-берене (адам өлүмүнө жеткирген шалаакылык) менен кылмыш иш козголгон болчу.

Алар:

- Жайыл РИИБдин тергөөчүсү Э.Т.Кадышев;

- нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү И.Р.Иманалиев;

- нөөмөтчү З.Айткожоев,

- нөөмөт бөлүмүндөгү күзөт тобунун милиция кызматкери, милициянын старшинасы М.Макеев;

- Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 5-взводунун кенже инспектору З.Байтереков.

Ал эми Марс Бөдөшевге эки эпизод боюнча айып тагылууда. Алар – Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүмү (ала качуу) жана 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-6-11-13-пункттары (адам өлтүрүү). Ал эми Акмат Сеитовго Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (кыз ала качуу) боюнча айып тагылып жатат.

Бул жолу дагы жабырлануучу тараптын өкүлү ишти башка соттун кароосуна өткөрүп берүү суранычы тууралуу айтты.

«Бул үчүнчү жолку баш тартуу — биринчи жана экинчи жолкусу сот процессинин биринчи күнүндө эле судьяга берилген. Алардын бири соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу болсо, экинчиси прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү (милиция кызматкерлерине каршы ишти Жайыл райондук прокуратурасы козгоп, тергөө жүргүзгөн).

Үчүнчү жолку баш тартуу бүгүн айтылды, ал — судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү. Айыпталып жаткан милиция кызматкерлери — жергиликтүү тургундар, ушул жерде ар кандай кызматтарда эмгектенишкен. Бүгүн болбосо дагы биз объективдүүлүк үчүн ишти башка сотко өткөрөбүз», - деди жабырлануучу тараптын өкүлү Назира Абдумуминова.

Өтүнүчтү угуп, талкуу бөлмөсүнөн чыккандан кийин судья окуган чечимде: «Ишти кароону башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч кабыл алынып, ал тууралуу жогорку органга — Чүй облустук сотуна билдирилет», - деп айтылат.

Буга чейин Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев Turmush басылмасына кылмыш ишти башка сотко өткөрүү боюнча өтүнмөнүн себебин айтып берген.

1568cde9d78fa12da6af1cd5e874628d_0_500_0

«Жайыл районунун сотуна жана тергөө органдарына ишенбегендиктен атайын өтүнмө берип жана акыйкаттуулукту табуу үчүн президентке кайрылуу кат жөнөттүм. Бурулайдын денесинде жазуулар болгондуктан кайрадан экспертиза дайындадык. Экинчи экспертизада окуянын убакыт-сааты өзгөрүптүр. Биринчисинде да, экинчисинде да денедеги жазууну чыгарып беришкен жок», - деди ал.

Ошондой эле ал тергөө иштери башталганда жабырлануучу тарапты РИИБдин имаратында орнотулган видеокамерадагы видеотасма бар деп ишендиришкенине нааразы болду. Кийинчерээк ал видеотасма жок болуп чыккан.

Жабырлануучу тараптын жактоочулары Назира Абдумуминова менен Эсения Рамазанованын айтымында, кылмыш ишке шектүү жигит Бурулайды биринчи жолу — 4-майда ала качкан окуя дагы кошулду.

Ал эми шектүү менен Бурулай жолугушуп жүргөнү тууралуу маалыматтарды маркумдун атасы жокко чыгарды.

Айрым маалыматтар боюнча, А.Сеитов менен М.Бөдөшев классташтар. Шектүү А.Сеитовдун апасы К.Сеитованын айтымында, тергөө учурунда уулу менен бир да жолугушкан жок. Ал уулу бул кылмышка күнөөлүү эмес, капысынан аралашып калган деп эсептейт.

----------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулай 2018-жылы 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×