Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.09.2018 09:05

Мамлекеттик тил күнү: Москва районунда «100 суроого 100 жооп» акциясы өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн белгилөөдө окуу-тарбия мекемелери флешмоб уюштуруп, «100 суроого 100 жооп» акциясын өткөрдү. Ал КРдин «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамынын жана президенттин «КРде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатынын алкагында жүргүзүлдү. Өтүлгөн иш-чаралар боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, флешмобго катышкан окуучулар жана мугалимдер улуттук кийимчен желек, шар жана тил боюнча чакырык ташталган плакаттарды көтөрүшүп, райондун борбордук аянтынан башталган жүрүш жасашты. Жүрүш учурунда патриоттук, Ата Мекен, кыргыз тилин камтыган ырлар жаңырды.

«Максатыбыз – мамлекеттик кыргыз тилибиздин түбөлүктүү, көөнөрбөс жана теңдешсиз “Манас” эпосун жараткан улуулугун даңазалоо. Тилдин тазалыгына – дилдин актыгына умтулуу. Мындай иш-чарада өзгөчөлөнгөн Ак-Суу №1, Ак-Суу №4, К. Сыйданов, Беловодск №2 жана №3 орто мектептердин жамааттарын айтууга болот. Ыр, бий, шаңдуу музыка, жандуу сөздөр коштогон тил майрамында “100 суроого 100 жооп” акциясын да өткөрдүк. Окуучулар, мугалимдер түрдүү кесиптеги жергиликтүү тургундарга кыргыз тилинин алкагында 100 суроо менен кайрылышты. Эл топтолгон жерлерде, аялдамада, базарда жана башка коомдук жайлардан 100 жооп алышты. Өзгөчө, макал-лакаптарды улап кетүү коомчулукту кызыктырды. Элибиздин мамлекеттик тилге болгон мамилесин акциядан таразалап алдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×