Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуКемин району 22.09.2018 20:59

Мамлекеттик тил күнү: Кемин районунда флешмоб уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  21-сентябрда Кемин районунда 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук маданият үйүндө «Тилим менин-жан дилим» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында кароо-сынак өтүп, ага окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектеби, Орловка №2 орто мектеби, Ак-Түз орто мектеби жана Нур орто мектеби катышты. Кароо-сынактын жүрүшүндө окуучулар кыргыз тилинин баалуулугун даңктаган ырларды көркөм окуп, жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырып көргөзүп, «Эне тилсиз укмак белем Манасты, эне тилсиз укмак белем санатты» аттуу ураан менен «Манас» эпосунан үзүндү айтып, «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу темадагы чыгармаларды аткарып жана тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө чакырык таштаган флэшмоб уюштурулду. Жыйынтыгында 1-орунду Ак-Түз орто мектеби, 2-орунду Нур орто мектеби, 3-орунду Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектеби ээледи. Жеңүүчүлөргө Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы, көркөм адабий китептер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча иш-пландын негизинде салтанаттуу иш-чаралар «Кыргыз тили нечен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу ураан алдында өткөрүлдү. 2018-жылдын 17-сентябрынан 21-сентябрына чейин тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө чакырык таштаган флэшмобдор уюштурулду. 20-сентябрда А.Койгельдиев атындагы Бейшеке орто мектебинде «100 суроого – 100 жооп» акциясы өткөрүлдү. Иш-чарага тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили» жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында «Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилинде» аттуу ураандын астында билим берүү мекемелеринде «Мамлекеттик тил» боюнча дубал газеталар, буклеттер жана бурчтар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×