Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.09.2018 16:22

Майып арабада өткөн жашоо: Унаа алдында калган Р.Бегалиевага апасынын камкордугу өмүр тартуулады (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Жерказар айылынын 45 жаштагы тургуну Роза Бегалиева мындан 18 жыл мурун Казакстанда жашап, соода тармагында алектенчү. 2000-жылы аны автоунаа сүзүп, анын кесепетинен кабыргасы, бели сынган. Учурда ал майып арабада отурат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Роза Бегалиева майып арабада отурганына карабай кол өнөрчүлүк менен алектенип, киреше табууда.

«Мен эл катары эле басып жүргөм. 27 жашка чыкканда унаа коюп кетип, кырсыкка кабылдым. Ага чейин Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз деген шаарда жашап, соода кылчумун. 2000-жылы базардын жанынан унаа сүзүп, анын кесепетинен белим, кабыргам сынган. Эки жолу операция болдум. Биринчи Казакстандан, экинчи Кыргызстандан белиме жасаттым. 2001-жылдан баштап 1-топтогу майып болуп калдым. 2002-2003-жылдары жаңы төрөлгөн баладай эле жашоону кайра баштадым. Апам кайра тамак жегенди, отурганды үйрөттү. Кийин жакшы боло баштаганда түймөнү үйрөтө баштады. Китептерди, журналдарды сатып келип, кийимдердин токулушун көрсөтүп берди. Ал кезде интернет деген жок эле. Учурда кардиган, көйнөк, байпак жана башка кийимдерди токуйм», - деди ал.

Роза Бегалиева кийим токуп иштегенине быйыл 15 жыл болот.

«2011-жылдан баштап буйрутма менен иштей баштадым. Кийинчерээк колдорум ооруганына байланыштуу түймө боюнча курстарды ачып, шаарда 2 ай иштеп жүрдүм. Азыркы учурда ооруп үйдөмүн. Жакшы болуп кетсем эле, шаардан батирге чыгып, кыздарды кайра үйрөтөм деген оюм бар. Мен бул өнөрдү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга бекер үйрөтөм.

Бир көйнөк 3 миң сом болсо, анын чыгымы 1500 сом болот. Жумуштун татаалдыгына жараша баасы бычылат. Кеткен убакыт да ошого жараша болот. Бир көйнөктү бир ай токуган күндөрүм болгон. Алар 5 миң сомдук көйнөктөр эле. Кичинекей балага ылайыктуу топуларды 1 саатта эле токуса болот. Илгич (крючок) менен токуган оңой, темир шиш менен оорураак, жай иштеш керек. Азыр токуганга кызыккандар көбөйдү. Бирок, Кыргызстанда токулган кийимдерди көп баалашпайт экен», - деди ал.

Роза Бегалиева: «Бул оорумду кайра дарылайын десем болбойт, анткени убакыт өтүп кетти. Мен кырсыкка учурагандан кийин 3 ай жатып калдым, жүлүнгө дароо операция жасалыш керек эле. Убакыт өтүп кеткенден кийин операция жасаганга болбойт. Себеби, нервтердин баары өлүп калган.

Учурда апам менен жашайм ал 80 жашка толду. Атам 10 жыл мурун каза болгон. Депрессияга түшпөш үчүн апам мага көп жардам берип, түймөнү үйрөттү. Кырсыкка учураганда жаңы төрөлгөн баладай эле болуп калгам. Азыркы жаштар көбү депрессияга түшүп кетишет. Аларды өзүнчө бөлмөгө бөлүп коюшат экен. Мени болсо апам дайыма туугандарымдын арасына кошуп, киши келсе атайын отургузуп, мага көп көңүл бурду. Ошол себептен мен депрессияга түшкөн жокмун. Невропатолог дагы иштеткиле деп айтып жүрдү. Үйдөгүлөр мен үчүн бүт шарттарды түзүп берген. Үйдүн ичин мен майып араба менен жүрө тургандай кылып жасатышты.

Адам баласы бош отурса эле ойлонуп, жинди боло баштайт, жаман ойлор келет. Ошондуктан сөзсүз бир нерсе менен алек болуш керек.

Майыптыгым үчүн жөлөк пул алам. Меники, атамдыкы кошулуп отуруп 5 миң сом алам. Кол өнөрчүлүк менен да кошумча киреше таап жаткам. Быйыл компьютердик программа окуп үйрөндүм. Келечекте максатым – өзүмө окшогон кыздарга токуганды үйрөтүү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×