Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.09.2018 11:15 На русском

Ысык-Атада Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чараны Кант шаарындагы №4 орто мектеби уюштуруп, ага мектеп окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Анда алар эне тилди даңктаган ураандарды айтышып, кыргыз тил боюнча ырларды окушту. Иш-чарада улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бугу эне театрлаштырылды жана маданият кызматкерлеринин концерттик программасы коюлду.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×