Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуКемин району 21.09.2018 17:20

Кеминдин Чым-Коргон айылында жардамга муктаждарга 10 турак үйдүн ачкычтары тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл аймагында ата-энесинен эрте ажыраган балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курулган 10 турак жай пайданууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшебаев катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, конуштуу болгон үй-бүлөлөргө каалоо-тилектерин айтты.

Турак үйлөр курулган жер тилкенин аянты 0,50 гектарды (50 сотых) түзүп, Чым-Коргон айылынын Суранчиев көчөсүндө жайгашкан. Жер тилкеси муниципалдык менчик деп эсептелип, бош турган. 2018-жылы башкы планга өзгөртүү киргизилип, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үй куруу боюнча жергиликтүү кеңештин токтому чыккан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×