Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Чүй облусуКемин району 20.09.2018 16:06 На русском

Эгиздер: 3 жаштагы Назбийке менен Нурбийке бири-бирин бетинен өөп ойготушат (сүрөт, видео)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Бекет айылынын 42 жаштагы тургуну Аида Эркинбекованын 3 жаштагы кыздары — эгиздер Нурланова Назбийке жана Нурланова Нурбийке эртең менен бири-бирин өөп ойготушат.

Аида Эркинбекованын айтымында, тукумунда эгиздер болгон эмес.

«УЗИге барып, эгиз экенин укканда аябай катуу шок болгом. Себеби биздин тукумда эгиздер жок эле. Эгиздер боюмда бар кезде кызым 1 жашка чыга элек болчу. УЗИге боюмда болуп калса алдыртам деген ой менен баргам. Себеби кызым кичинекей болуп, эмизчүмүн. Назбийке 2 700 грамм, Нурбийке 1 740 грамм салмакта төрөлдү. Ал эми экөөнүн ортосунда 10 мүнөт айырма бар. Үчөөнү үч эгиздей кылып бактым, улуу балдарым жардам беришти. Аларды эмизип, кошумча тамак бердим. Эгиздердин мүнөздөрү окшош, бири-бирине абдан жан тартышат», - деди ал.

Эгиздердин бири Нурбийке төрөлгөндө оң жамбашы чыгып кеткенин ата-энеси билген эмес. Ага 1 жаш 6 ай болуп, басканда гана билинген.

«Төрөттөн жамбаш сөөгү 4 см чыгып кеткен экен. Ал 1 жыл 10 айда калыбына келди. Кудайга шүгүр ортопеддин жардамы менен кызымдын буту түзөлүп, басып калды. Анын сөөктөрү да калыбына келди. Эгиз кыздарыма 3 жаш 8 ай болду. Бала бакчага барып, ырдап, бийлеп беришет. Келечекте балдарымдын сый-урматын көрүүнү тилек кылам», - деди ал.

А.Эркинбекова 5 кыз жана 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×