Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 18.09.2018 10:15

Сыйлык жана сыймык: Э.Мүсүралиев Ысык-Көлдөгү эл аралык оюндарда таяк тартыштан 1-орунду алды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылынын спортчусу Эмил Мүсүралиев эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарында таяк тартыштан 1-орунду алды. Анын айтымында, аталган мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышкан.

«Мен 90 кг салмакта мелдешке чыктым. Бир атаандашым кытай улутунун спортчусу болду. Бул мелдеште 60, 70, 80, 90, 105, 125, +125 кг салмактагы эркектер, 55, 65, 75, 85 жана +85 кг салмактагы кыз-келиндер күч сынашты. Кытайдан 4 спортчу келген экен. Аларда таяк тартыш жаӊыдан жанданып, жакшы жыйынтыктарга жете башташыптыр», - деди ал.

Эмил Мүсүралиев буга чейин таяк тартыш менен 3 ай гана машыгып, Ысык-Көлдө өткөн республикалык беттештин финалында тажрыйбалуу атаандашын жеӊип алган.

«Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан эл аралык оюндарга катышып, 1-орунга жана райондук, облустук, республикалык бир нече мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга илинип келе жатам. Буга чейин 10 жыл бою грек-рим күрөшү менен машыгып келсем, 3 жылдай дзюдо менен машыктым. Ал эми таяк тартышка 3 айдан бери даярданып, машыгып келдим. Бул таяк тартышка Аскат деген спорчу досум чакырып калды», - деди ал.

Спортчу 1990-жылы Сокулук районунун Күн-Туу айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×