Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.09.2018 11:34

Видео — Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалды

Turmush -  Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, ушул жылдын 10-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) В.К. аттуу жаран кайрылып, Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматчысы өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, уулун (ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жараксыз болгон) аскер кызматына чакырам деп коркутуп, 25 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылгандыгын билдирген.

ЭККМКнын чогултулган материалдары боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 12-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭККМКнын кызматкерлери Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын аскер комиссарынын орун басары Б.Д.ны өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармашты. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×