Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.09.2018 08:14

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк уста М.Булакеевдин эмгектери Дубайга чейин сатылган (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чычкан айылынын 36 жаштагы тургуну Мирбек Булакеев 22 жылдан бери камчы өрүп, ат жабдыктарын жасап, киреше табат. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, камчы жасоону 14 жашында үйрөнгөн.

«Бала чагымдан эле аталган айылда өсүп, атты көп мингендиктен кошуналарымдын ат жабдыктарын көрүп, камчы жасоого кызыктым. Аны 14 жашымда айылдаш чоң атам Үсөнаалыдан үйрөнүп, ошондон бери камчы өрүп, ээрлерге оюу салып, ат жабдыктарды жасайм. Буйрутмаларды алып, каражат таап келем. Эмгектеримди Дубайдан келип алып кеткендер болгон. Камчы өрүү менен бирге жыгач устачылык менен алектенип, кардарлардын табитиндегидей бешик, кичинекей балдардын тамак ичүүчү столун жасап, буйрутма менен иштешем. Алдыда тоо жаныбарлардын мүйүзүнөн жаа жана кайыштан баштыктарды жасоону пландап жатам», - деди ал.

Устанын жубайы Бурул Бактыбекова экөөнүн баш кошконуна быйыл 10 жылдын жүзү болду. Алар 2 уул жана 1 кызды тарбиялап, 4-баласынын жарык дүйнөгө келишин күтүүдө.

М.Булакеев быйылкы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында турмуштук оюндар сынагында камчы өрүү боюнча кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×