Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 11.09.2018 10:33

Сыйлык жана сыймык: Самбочу Н.Уланов Көчмөндөр оюндарында коло тагынды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 21 жаштагы тургуну Нурсултан Уланов бала кезинен спорт менен машыгып келет. Ал Көчмөндөр оюндарына катышып, самбодон коло медаль тагынды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко келип калышына атасы түрткү болгон.

«Атам спортко, айрыкча күрөшкө аябай кызыгат. Бала кезде өзү да машыккан экен. Ошентип атамдын демилгеси менен спортко бала кезден аралаштым. Алгач бокс менен машыгып жүрүп, кийин самбого өттүм. Ошондо самбо менен 2014-жылдан бери машыгып, көптөгөн мелдештерге катышып келе жатам. Алсак, 2016-2017-жылдары Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өткөн мелдештин жеӊүүчүсү, 2016-жылы Румыния мамлекетинде өткөн дүйнө биринчилигинде коло медалдын ээси, 2017-жылы Россия мамлекетинде өткөн КМШ мамлекеттеринин оюндарында 3-орунду ээлеген болсом, 2018-жылы чоӊдор арасында Кыргызстандын биринчилигинин жеӊүүчүсү болуп, Көчмөндөр оюндарына жана дүйнө биринчилигине жолдомо алгам. Ошентип жакында эле өткөн Көчмөндөр оюндарында коло медаль тагынып келдим», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө төрт бир туугандын эӊ улуусу.

«Ушул эле Сокулук районунда 1997-жылы жарык дүйнөгө келгем. Өзүм төрт бир туугандын улуусу болом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×