Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуСокулук району 11.09.2018 10:04 На русском

Баш байгеге коюлган унаа: «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагынын финалында 35 бийкеч күч сынашат (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарында өтө турган «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагынын жарым финалына 75 кыз катышып, анын ичинен 35 бийкеч финалга өтүштү. Бул тууралуу калыстар тобунун мүчөсү Сезим Асранкулова билдирди.

Сулуулар сынагынын баш байгесине автоунаа коюлган. Сезим Асранкулованын айтымында, сынакка кыздарды тандоо кыйынга турган.

«Сулуулар сынагына 75 кыз катышты. Жакында эле жарым финал болуп, финалга 35 кыз өттү. Албетте, ар бир катышуучу өзгөчө сулуу болгондуктан, арасынан мыктыларын тандоо бир аз оор болду. Бирок жоопкерчиликти сезип, мыктылардын мыктысын арасынан тандап чыктык. Эӊ кызыктуусу, сынак учурунда кыздар берген тапшырмалардан адашып, сүрдөп, бирок кемчиликтерин билгизбегенге аракет кылып, оӊдоп кетип жатышты.

Бул сынактын баш байгесине автоунаа коюлган. Ошондой эле кийинки 3 орундун ээлерине чет өлкөдө эс алууга жолдомо берилет. Мындан тышкары жеӊүүчүлөр ар кандай көргөзмө жана эл аралык сынактарга катышууга жолдомо алышат. Кудай буюрса финал 10-октябрда болот. Кыздардын даярдыктары күчтүү. Албетте, атаандашуу андан да күчтүү болууда», - деди ал.

Азырынча баш байгенин ээсине кайсы үлгүдөгү автоунаа берилери аныктала элек. Айрым маалыматтарга караганда, «Тойота» же «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа берилери айтылууда. Ал эми 3 орундун жеңүүчүлөрү Египет жана Түркия мамлекеттерине барып эс алышат.

Сокулук районунун Сокулук айылынын 23 жаштагы тургуну Асранкул кызы Сезим «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагына катышып, «Мода сулуусу-2017» наамын жеӊип алса, «Бишкек сулуусу-2018» сынагында 1-орунду ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×