Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 31.08.2018 18:15

Видео — Жаш бала унааны сүйрөп... унаа уткан аргымак, ыр-күүлөр: Кыргызстандагы Эгемендүүлүк майрамынын шаңы

Turmush -  31-август — Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон күн. Бул тарыхый майрамдын урматына өлкөнүн аймактарында салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Жергиликтүү тургундар, чет элдик меймандар, бийлик өкүлдөрү расмий иш-чараларга, спорттук мелдештерге, сахналаштырылган оюн-зоокторго жана маданий программаларга күбө болушту.

Turmush басылмасы Кыргызстандын ар бир облусундагы район менен шаарларда майрамдык салтанаттар кандай өткөндүгүн сүрөттөр менен көрсөтөт.

------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаары

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат өлкө жетекчилеринин катышуусу менен башталды. Борбордук аянтка президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, экс-президент Роза Отунбаева, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана башка мамлекеттик жетекчилер келишти.

------------------------------------------------------------------------

Чүй облусу

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Чүй облусунун Сокулук районунда майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага удаа район тургундары үчүн азык-түлүк жармаңкеси да уюштурулду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 10:00дө башталып, ал атайын даярдалган концерттик программа, викториналар менен коштолду. Иш-чаранын башында Сокулук районунун акими Таалай Корголдоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Эмилбеков жана айыл өкмөт башчылары сөз алып сүйлөп, тургундарды майрамы менен куттукташты.

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы Ысык-Ата районунда да шаӊдуу белгиленди. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, ар бир айыл өкмөтү жергиликтүү тургундарга майрамдык иш-чараларды уюштуруп беришти. Ал эми Кант шаарындагы «Жеӊиш» паркында райондун, шаардын жашоочуларына жети дубандын элинин каада-салттары көрсөтүлүп, кароо-сынак уюштурулду. Анда алдыӊкы орунду ээлегендерге райондук мамлекеттик администрация тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Айша Орозобекова жана Кант шаарынын мэри Эркин Абдрахманов район тургундарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап өтүштү. Райондук маданият бөлүмү тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, концерттик программа тартууланды. Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамга алыскы Япониядан келген коноктор да күбө болушту.

------------------------------------------------------------------------

Ош облусу

Ош шаарындагы майрамдык салтанатка күбө болуу үчүн борбордук аянтка болжол менен 5 миңге чукул адам чогулду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамдык салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары катышты.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралардын алкагында «Боорсок» фестивалы, айыл чарба жармаңкеси өттү.

Чоң-Алай районунда эгемендүүлүк майрамы 400 адамдын катышуусунда белгиленип, алдыңкы ардагер мугалимдер, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери «Ардактуу атуул» сыйлыгына ээ болушту.

Кара-Суу районунда Эгемендик майрамынын урматына 10 шайыр апалар тобу жарышкан. Райондун борбордук аянтында Эгемендиктин 27 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип, концерттик программа менен коштолду.
Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү Ноокат районунун борбордук аянтында Манастын 40 чоросунун коштоосунда белгиленди.

Өзгөн шаарында эгемендүүлүк майрамына карата боз үйлөр тигилип, спорттук оюндар менен коштолду.

Араван районунда эгемендүүлүк майрамы 2 миң адамдын катышуусунда белгиленип, салтанатта сахналаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, спорттук оюндардын 4 түрү өткөрүлдү.

------------------------------------------------------------------------

Нарын облусу

Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийлик, шаардын тургундары жана меймандары катышты. Аталган салтанаттуу иш-чараны Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачып, андан соң облус башчысы Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргал Ботоканов куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамдык иш-чара театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолду.

Эгемендүүлүк күнү Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун борбордук аянтында дагы салтанаттуу белгиленип өттү.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чаранын башында район акими Жакыпбек Субакожоев куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондун маданият үйү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Эгемендүүлүк күнүн утурлай Ат-Башы райондук мамадминистрациясы тарабынан райондун ардактуу инсандары, жергиликтүү коомдук активисттери диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

------------------------------------------------------------------------

Талас облусу

Бүгүн, 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы Талас шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу белгиленүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, салтанатка 2500дөн ашык адам катышууда. Иш-чарага Талас облусундагы чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышып, 3 адам «Чыгаан атуул» наамы менен сыйланды. Ошондой эле облус жетекчилигинин ардак грамотасы менен 5 адам сыйланды.

Салтанаттын алкагында 100 окуучу комуз менен күү чертип, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мугалимдери көгүчкөн учурушту. Талас шаарынын 9 мектебинин, 2 лицейинен 500дөн ашык мугалими параддан өттү.

Иш-чаранын алкагында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мурат Мураталиевге «Эл сүйгөн жетекчи» наамы тапшырылды.

Эгемендүүлүк майрамына карата өткөн салтанатта бакай-аталык 5 жаштагы Нуркыргыз аттуу бала 3 тонналык «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны 20 метр аралыкка сүйрөдү.

Анын устаты Нурлан Алишеровдун (Ташчайнар) айтымында, шакирти Россиядагы, Америкадагы шоуларга катышууга жолдомо алган.

«Бүгүнкү күндө 17 шакиртим бар. Алардын эң кенжеси Нуркыргыз. Өзүнүн аты азырынча сыр болуп турсун. Ата-энесинин уруксаты менен алып жүрөбүз. Алар да чогуу жүрүшөт. Машыкканына аз эле убакыт болсо дагы Бишкектен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унааны сүйрөгөн. Нуркыргыз Россиядагы Максим Галкиндин «Лучше всех» аттуу теледолбооруна жолдомо алган. Октябрь айында дагы Америкага жолдомо алганбыз. Американын 50 штатына өнөрүбүздү көрсөтөбүз деп даярданып жатабыз», - деди ал.

Нуркыргыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Майрамга карата байгесине унаа коюлган ат чабышта Көкшам аттуу күлүк 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аккула ат чабыш федерациясынын төрагасы Темиркан Жолдошевдин айтымында, жалпы 7 тай, 12 кунан, 14 ат чабылды. Жергиликтүү фонддордун бири ат чабыштын баш байгесине 100 миң сомдук «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаа койду. Кунан чабышка 1-орунга санариптик видеокамера коюлду. Ал эми тай чабышка акчалай сыйлыктар каралды. Ат чабышта 1-орунду Талас районунун тургуну Куттубек Узгеновдун 3 жаштагы Көкшам аттуу күлүгү ээлеп, ээсине унаа тапшырылды.

«Унааны утуп алган аргымак бул ат чабышка күтүүсүздөн катышып калды. Анткени Көкшамдын ээси аны Казакстанга президенттин байгесине арналган ат чабышка алып бара жатканда чек арадан өтпөй калып, кайра бул ат чабышка кайрылып келген», - деди ал.

Кунандар арасында биринчиликти Канкүрөң аттуу аргымак алып, видеокамераны утуп, Көчмөндөр оюндарына жөнөтүлдү. Тай чабышта 1-орунду алган Фюстон аттуу күлүктүн ээсине 10 миң сом ыйгарылды.

------------------------------------------------------------------------

Жалал-Абад облусу

Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта да кызуу белгиленип, театралдаштырылган оюн-зоок менен коштолду.

Бул жолку Эгемендүүлүк майрамында жасалма көк майсаңдан жасалган жаныбарлардын инсталляциясы коюлуп, өзгөчөлүк жаралды. Төө тайлагы, бугу элиги менен, ошондой эле эки жылкынын элеси шаардыктардын кызыгуусун арттырды.

Ал эми майрамдык салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Анда бийлик өкүлдөрү өзүнүн тарыхы, мамлекеттик атрибуттары бар, демократиялуу өлкөдө өнүгүп-өсүүлөр болгонун белгилешти.

Ыйгарымдуу өкүл: «Бүгүн биз эң башкы мамлекеттик майрамды — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилеп жатабыз. Көз карандысыздыкка ээ болуп, азаттыкты алган 27 жыл ичинде өлкөбүздө орчундуу окуялар, түрдүү кырдаалдар, саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болду. Мамлекетибиз кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, журтубуз бакубат өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн, жергебиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калды», - деди ал.
31-август — Эгемендүүлүк күнү Кара-Көл шаарында салтанаттуу белгиленди. Иш-чара майрамдык концерт менен коштолду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Концерттен тышкары аркан тартыш, күрөш, бука тартыш, кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулуп, ага жаш балдар да катышты.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар Ноокен районунун борборунда жана аймактарында да белгиленип жатат.

Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Садыр Сатыбалдиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Э.Маматаев, орун басарлары, аппарат кызматкерлери жана райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, тургундар катышты. Анда райондун алдыңкы кызматкерлери өкүлдүн, акимдин жана коомдук фонддун ардак грамота, дипломдору менен сыйланышты.
Эгемендүүлүк күнү Токтогул районунда да белгиленди.

------------------------------------------------------------------------

Ысык-Көл облусу

Эгемендүүлүк күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы стадиондо белгиленип, майрамдык иш-чара 18 улуттун өкүлдөрү катышкан парад менен коштолду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чара жылдагыдан ар бир улут өзүнүн улуттук кийимдерин кийип чыкканы менен айырмаланды. Райондун акими куттуктоо сөзүн сүйлөп, аймактагы жетишкендиктерди белгилеп, жалпы кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук маданият үйүнүн кызматкерлери кыз узатуу салтын көрсөтүп беришти. Ошондой эле райондун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдар ардак грамота менен сыйланып, «Ардактуу атуул» наамы тапшырылды.

Бүгүн, 31-августта Ак-Суу районунда Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Райондун борбору Теплоключенка айылында кол өнөрчүлөрдүн сынагы, тамак-аштар көргөзмөсү өтүп, каада-салттар көрсөтүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттын жүрүшүндө райондун түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга наамдар ыйгарылды. Райондук администрация тарабынан 4 адамга Ак-Суу районунун «Ардактуу атуулу» наамы, 9 тургунга «Кадырлуу эмгек каарманы» сыйлыгы жана облустук өкүлчүлүктүн, райондук администрациянын ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.

Каракол шаарында Эгемендүүлүк күнү парад жана 26 улуттун тамак-аш көргөзмөсү менен коштолду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин парад уюштурулуп, ага облустагы билим берүү мекемелери, саламаттыкты сактоо системасындагы жана башка ведомстволор катышты.

Ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган көргөзмө, Каракол шаарында жашаган 26 улуттун улуттук тамак-аш жармаңкеси өттү. Иш-чара бий топторунун, жергиликтүү эстрада ырчыларынын концерти менен коштолду.

Балыкчы шаарында 31-август — Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери кыргыз эли кантип эгемендүүлүккө ээ болгондугу тууралуу театралдаштырылган сценка көрсөтүп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле бийчилер, комузчулар өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мындан тышкары аркан тартыш, кол күрөш, штанга, гиря көтөрүү сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Аркан тартышка «Шумкар» атайын багыттагы полкунун, шаардык аскер бөлүктүн, ӨКМдин кызматкерлери да катышты.

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүк күнү чоң салтанат менен белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө 18 адамга Ысык-Көл районунун «Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды. Алардын арасында эл артист Бакыт Шатенов өңдүү белгилүү адамдар да бар.

Эгемендүүлүк майрамы 70 миңден ашуун калкы бар Ысык-Көл районунун 12 айыл аймагынын ар биринде салтанаттуу белгиленди.

Түп районунда Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган иш-чара Кайкин атындагы мектептин спорт аянтчасында өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, манасчы Жусуп Мамайдын небереси Тургуналы «Манас» эпосунан үзүндү айтып, «Кара жорго» бийин бийлеп, төкмө акын Эсенбек Кийизбаев, Гүлназ Бекбосун кызы, Зуура Төлөмүшова баш болгон Бишкектен келген өнөрпоздор жана «Элмуз», «Айданек» бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары улак тартыш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

------------------------------------------------------------------------

Баткен облусу

Бүгүн 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамынын 27 жылдыгы Баткенде салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага жергиликтүү чиновниктер, тургундар, Өзбекстандын Сох районунун акими Фарухжон Усаров жана Тажикстандын Исфара районунун акими Саломзода Сиджоудин катышты. Иш-чара кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Мурат Салиховдордун эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталды. Жетекчилер андан соң Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган айыл чарба жана өнөр жай жармаңкесине катышты. Анда кыргыз, өзбек, тажик, орус, татар элдеринин тамак-аштары көргөзүлдү.

Эгемендиктин 27 жылдыгына карата 27 жоокер Баткен районунун Ак-Турпак айылынан баштап Кыргызстандын желегин Баткен шаарынын эл чогулган борбордук стадионуна чейин (27 км аралык) көтөрүп чуркап келди.

Эгемендүүлүк майрамы Кадамжай районунда да салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага аким Жаныбек Маматов, шаар мэри Бакытбек Бегалиев баштаган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 2 миңге жакын тургун катышты. Иш-чарада айыл чарба жармаңкеси уюштурулуп, район аймагында өскөн мөмө-жемиштер көргөзмөгө коюлду. Район аймагында өлкөнүн өнүгүүсүнө салып кошкон 6 тургунга «Кадамжай районунун ардактуу атуулу» наамы берилди.

Ага кошо көрүүчүлөргө концерттик программалар тартууланды. Ал эми Өзбекстандын Шахимардан аймагынан келген өкүлдөр элге оюн-зоокторду тартуулашты.

Эгемендүүлүк майрамы Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды. Майрамдык салтанатка Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышты. Саамалыктын алкагында шаардын өнөр-жай ишканалары өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү, концерттик программа уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×