Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 31.08.2018 14:32

Кантта Эгемендүүлүк майрамына Япониядан келген коноктор күбө болушту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 31-август – Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы Ысык-Ата районунда да шаӊдуу белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ар бир айыл өкмөтү жергиликтүү тургундарга майрамдык иш-чараларды уюштуруп беришти. Ал эми Кант шаарындагы «Жеӊиш» паркында райондун, шаардын жашоочуларына жети дубандын элинин каада-салттары көрсөтүлүп, кароо-сынак уюштурулду. Анда алдыӊкы орунду ээлегендерге райондук мамлекеттик администрация тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага райондун аксакалдары, түзүмдүн жетекчилери чакырылышкан. Иш-чаранын алкагында райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Айша Орозобекова жана Кант шаарынын мэри Эркин Абдрахманов район тургундарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап өтүштү. Райондук маданият бөлүмү тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, концерттик программа тартууланды. Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамга алыскы Япониядан келген коноктор да күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×