Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 31.08.2018 12:00

Азия оюндарында коло тагынган мушкер Д.Токуров вьетнамдык спортчудан кантип утулганын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 21 жаштагы тургуну, мушкер Данияр Токуров 4 жылдын ичинде спортто көптөгөн ийгиликтерди жаратууга жетишти. Ал жакында эле Азия оюндарында коло медаль тагынып, Кыргызстандын желегин желбиреткен болчу. Данияр аймактык кабарчыга Индонезияда өткөн турнир боюнча айтып берди.

«Жалпы 2 беттеш өткөрдүм. Менин салмак даражама туура келген 15 өлкөнүн спортчулары болду. Кудайдын буйругу менен пакистандык мушкер менен беттешип, аны 5:0 эсебинде утуп, жарым финалда вьетнамдык мушкер менен беттештим. Ушул жерден айта кетчү нерсе, вьетнамдык мушкер күчтүү деле эмес экен. Бирок аябай амалкөй экенин билдим. Мага 2 упай жетпей жатканда, ал артка качып же жата калып убакытты өткөрдү. Ошентип менин упайым 24, аныкы 26 упай болуп, утуп кетти. Кийин ошол спортчу 1-орунду алды.

Мелдеш учурунда утуш керек деген ой ээлеп алды. Кыргызстандын желегин желбиретүү — бул ар бир спорчунун максаты эмеспи», - деди ал.

Данияр Токуров Жакартада өздөрү менен чогуу барган спортчунун туулган күнүн белгилешкенин да кошумчалады.

«Биздин курама командабыздагы Жолдош Акимкановдун туулган күнүн Жакартада белгиледик. Эӊ сонун күн болду.

Мен учурдан пайдаланып агайым Каныбек Бикбаевге чоң ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Бул жеӊишти багындырууда анын эмгеги чоң. Андан соӊ Бекболсун Советбековго да ыраазычылык билдирем. Кудай буюрса, эмки Азия оюндарында алтын медаль тагынып, кыргызымдын желегин желбиретем деген үмүтүм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×