Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуКемин району 07.09.2018 22:21 Жаңыланды: 08.09.2018 17:41

Айыл турмушу: Спортчу Р.Солтонкуловадан корккон атаандашы аны менен таяк тартышуудан баш тарткан (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 32 жаштагы тургуну Рыскүл Солтонкулова спорттун таяк тартыш түрү менен бир жылдан бери алектенип келет. Ал атаандашынын эсин оодарганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Спортчу айым 1986-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. Ал Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин аяктаган.

«Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз — 3 кыз жана 3 уул. Ата-энебиздин жолун жолдоп, бир туугандарым бизнестин ар тармагы менен алектенип келишет. Үйдөн мен гана мамлекеттик жумушта иштеп жатам. Тактап айтканда Кемин райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенип келем. Өзүм 2 жогорку окуу жайды аяктагам», - деди ал.

Рыскүл Солтонкулова спортко келгенине 1 жылга жетпей бир топ ийгиликтерди багындырды.

«Спортко келүүмө Кемин райондук жаштар жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучусу түрткү болгон. Ал "Рыскүл, мен сизден спортчу чыгышына толук кепилдик берем" деп айтып жүрүп эле спортчу кылып салды.

Алгач "Дени сак улут өнүккөн өлкө" урааны астында өткөрүлгөн таяк тартыш боюнча мелдешке алып барды. Райондук жана облустук таймашта 1-орунду ээлеп, Ысык-Көлгө республикалык мелдешке жолдомо алдым. Ал эми республикалык мелдеште 3-орунга татыктуу болдум. Андан кийин Кемин районунда өткөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп, акчалай сыйлыктарды алып жүрдүм. Ошентип кыз-келиндерди спортко үгүттөп баштадым. Мектепте окуп жүргөндө баскетбол боюнча мелдештерге катышчумун. Спортко шыгым бар экен, бир аз машыгып эле алгачкы ийгиликтерге жетише алдым», - деди ал.

Спортчу айым: «Бир күнү облустук таймашка барып калдык. Даярданып жаткан учурда өзүмдөн 10 кг чоң болгон келинден таякты тартып алсам, баары менден чочулашкан. Тамаша иретинде кыз-келиндерге бул спорт боюнча Азияда өткөн таймаштарда байгелүү орундарды алып келгем десем, ишенип калышкан экен.

Республикалык мелдеште атаандашым таластык кыз болуп калды. Экөөбүз таяк тартышып жатканда ал эс-учун жоготуп, медайымдар араң эс алдырышкан. Аны көргөн башка атаандаштарымдын жүрөгү түшүп калган эле. Ошондо Жалал-Абад облусунан келген атаандашым мени менен таймашуудан баш тарткан (күлүп)», - деди.

Рыскүл жолдошу экөө 1 кыз жана 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×