Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусу, Кант 29.08.2018 09:32

Аскер кызматкери унаасы менен жүргүнчү аялды сүзүп өлтүргөн жол кырсык иликтенип жатат

Turmush -  Аламүдүндөгү Лебединовка айылынын аймагындагы аскер кызматкери катышкан жол кырсыктын себептери иликтенип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кант шаарында жайгашкан аскер авиабазасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Чүй ОИИБдин ЖКККБы тарабынан жүргүзүлгөн атайын текшерүүдө жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу алкоголдук ичимдик ичпегени жана баңгизат колдонбогону аныкталган.

«Эмгек өргүүдө жүргөн аскер кызматкери базага чакыртылып, өзүнүн кызматтык милдеттеринен четтетилди. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын борбордук аскер округунун буйругуна ылайык, аскер кызматкери катышкан жол кырсыктын себептери иликтенип баштады. Жакын арада жол кырсыктын күнөөкөрүн тиешелүү жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим чыгат.

Өз кезегинде, борбордук аскер округу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат жана аларга моралдык, материалдык жактан жардам берүүгө даяр», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Хендай» үлгүсүндөгү унаа балалуу аялды сүзүп кеткендиги маалымдалган. Окуя 27-августта саат 00:30 чамасында болуп, рулда «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери экени белгилүү болгон.

28-августта АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, оор жаракат алган аял ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми анын баласы ооруканага жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×