Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу, Кант 28.08.2018 18:48 На русском

Медайым инфаркттан каза болду. Өзү иштеген ооруканадагы дарыгерлерге нааразы болгондорго ак халатчандар жооп берди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык аймактык ооруканасында 31 жылдан бери медайым болуп эмгектенип жаткан 54 жаштагы Салтанат Сооданбекова каза болду. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун аймактык кабарчыга айтып беришти.

Алардын айтымында, окуя 22-август күнү саат 18:00 чамасында болгон.

«Эжем ооруганда эле тез жардам чакыртышыптыр. Тез жардам кызматындагы дарыгерлерге "кускум келип, башым айланып, көкүрөк тушум ооруп, инфаркттын белгилери болуп жатат" деп айтса, ага маани беришпептир. Алар аны атайын сүйрөгүчкө салып кетпей, унаага жетелеп киргизишкен. Кабыл алып жаткан эки дарыгерге "менде инфаркттын белгилери болуп жатат, жардам бергиле" десе, алар "бул спазм эже, кайдагы инфаркт" деп магнезия менен кетанал сайып, үйгө жиберип коюшкан. Салтанат эжем андан чыгып, жандандыруу бөлүмүнө барган. Ал жактан да дарыгерлер карабай, кетирип жиберген. Кечки саат 18:00дөн баштап өмүрү үчүн күрөшүп, түнү Бишкекте көз жумду. Ал инфаркттан каза болгону тастыкталды», - деди маркумдун сиңдиси Уруят Соодонбекова.

С.Сооданбекова 1987-жылдан бери Кант шаардык аймактык ооруканасында эмгектенип келген. Анын артында жолдошу, 2 уул жана 1 кызы калды.

«Буга чейин мындай оору менен ооруган эмес. Медициналык окуу жайды бүтүргөндөн кийин Бишкектеги төрөт үйүндө 1 жыл иштеп, андан кийин ушул ооруканада 1987-жылдан бери эмгектенип келген», - деди ал.

Ал эми Ысык-Ата райондук аймактык оорукананын директору Алсира Момуналиева: «Биз бул боюнча өзүбүздүн кызматтык иликтөөбүздү жасап жатабыз. Журналга түшкөн маалымат боюнча 22-августта саат 18:20да биздин аймактык оорукананын кабыл алуу жайына Салтанат Соодонбекованы алып келишкен. Тез жардам чакыргыча үйүндө көкүрөк туштары ооруганын айткан экен. Тез жардам кызматы жарым сааттан кийин барган. Себеби кызмат башка чакырууда жүргөн. Көтөрмө жабдык менен унаага салалы дешсе, Салтанат эже "өзүм эле басып барып түшөм" деп койгон экен.

Кабыл алуучу жайда Азиз Рустамов аттуу дарыгер-хирург аларды саат 18:30 чамасында кабыл алган. ЭКГдан текшеришсе, эч кандай инфаркттын белгиси болгон эмес, таза чыккан. Дарыгер ага тиешелүү дарыларды — диклофенак, дексаметазон сайган. Бир аз күтүү керектигин айтышса, "биз реаниматологго көрүнөбүз" деп медайым Айжан Айилчиева менен кетишиптир. Ал жактан да текшерилип, баары жакшы чыккан. Дарыгерлер ооруканага жатып, дарылануу керектигин айтышса, Бишкек шаарындагы тааныш дарыгерге көрүнө турганын айткан», - деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×