Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу 28.08.2018 15:29

Азия оюндарына Чүйдөн барган 2 спортчу пенчак силат боюнча мелдеште коло тагынышты (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунан 9 спортчу Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарына спорттун пенчак силат түрү боюнча катышты. Алардын экөө коло медалга татыды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Советбек уулу Бекболсун билдирди.

«Чүйдөн Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарына жалпы 9 спортчу барганбыз. Азия оюндары 2-сентябрга чейин болот. Учурда бизде 2 коло медаль бар. Жеңүүчүлөрдүн бири Жолдош Акимканов Пакистандан келген спортчуну 5:0 эсеби менен жеӊип, алган жаракатынан улам жарым финалда малайзиялык спортчуга жол бошотуп берди. Ошентип ал Азия оюндарынын байгесинин ээси болду. Экинчиси Данияр Токуров пакистандык спортчуну 5:0 эсебинде утуп, жарым финалда вьетнамдык спортчуга 3:2 эсебинде уттуруп ийди», - деди ал.

Пенчак силат боюнча Азия оюндарына барган чүйлүк спортчулар 4-сентябрда Кыргызстанга кайтып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×