Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кант 27.08.2018 16:08

Кантта кичи автобус менен «NambaTaxi» кызматынын унаасы кагышты (сүрөт)

Turmush -  Кант шаарында кичи автобус менен такси кагышты. Күбөлөрдүн айтымында, аталган жол-транспорт кырсыгы бүгүн эртеӊ менен болжол менен саат 7:00дө Кант шаарынын кире беришиндеги айланма жолдо болгон.

«Жабыр тарткандарды жолдогу унааларга салып, Бишкек шаарындагы ооруканаларга жөнөтүшүптүр. Айдоочуларды да ооруканага алып кетишкен. Кичи автобус Милянфан айылынан базарга чыгып бара жаткан экен. Ал эми жеңил унааны айдаган айдоочу "NambaTaxi" кызматында иштечү экен», - деп билдиришти күбөлөр.

Учурда милиция кызматкерлери кырсыктын себептерин жана жабыр тарткан адамдардын тизмесин тактап жатат.

Кийинчерээк «NambaTaxi» кызматынын операциондук иш боюнча директору Ксения Тимофеева алдын ала маалыматтарга таянып, бүгүн, 27-августта эртең менен унааны ижарага алуу боюнча фирма менен келишим түзгөн айдоочу Ысык-Көлгө (ижарадагы унаасы менен) өзүнүн иштери менен кеткенин билдирди. Жолдон кичи автобус катышкан жол-транспорт кырсыгына кабылган.

«Кырсык учурунда айдоочу "NambaTaxi" кызматынын буйрутмаларын аткарган эмес, каттамда жана жумушта болгон эмес. Автоунаа айдоочу жана жүргүнчүлөр сыяктуу камсыздандырылган», - деди ал.

Ксения Тимофеева аталган фирма кичи автобустагы жабыр тарткан жүргүнчүлөргө колдоо жана жардам көрсөтүү үчүн даярдыктар жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле компаниянын өкүлдөрү ЖКККБ менен тыгыз байланышта болуп жатканын жана жабырлануучулар жеткирилген Чүй облусунун жана Кант шаарынын ооруканаларында нөөмөттө тургандарын айтты.

Айыл тургундарынын айтымына караганда, Милянфан айылында «Дордой» базарына каттаган бир кичи автобус бар.

«Бул кичи автобус менен 15-16 киши кетип бара жатышкан. Азыр 4 кишинин буту сынды деп уктук. Жүргүнчүлөрдүн ичинде кош бойлуу келин да бар экен. 1974-жылы туулган Ш.Р. аттуу айдоочунун буту сыныптыр. Баары Милянфан айылынын тургундары, базарда иштешет», - деп билдиришти айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×