Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 09.10.2018 23:55

«Жеңеке»: «Азия арстаны» аталган мушкер Т.Жээнбековдун жубайы Алина ММАнын бардык эрежелерин билет (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Токмок шаарынын 26 жаштагы тургуну Алина Момукулова. Ал Талас облусунун Манас районунун Чат-Базар айылынын тургуну Тилек Жээнбековго турмушка чыккан. Жолдошу спорттун грэпплинг, кармашып урушуу, эрежесиз уруш, күжүрмөн самбо түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп саналат.

Алина Момукулова 2010-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктап, ошол эле жылы аталган университеттин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит факультетине тапшырган.

«Тилектин карындашы биз менен окугандыктан, биз ал аркылуу таанышып калганбыз. Ал спортчу байкеси тууралуу көп айтып берген. Ошол убакта мен дагы спорт менен алектенчүмүн. Балким ошондуктан мени кызыктырды болушу керек. Мен макул болуп, телефон номурумду бергем. Ал ошол күнү эле чалып, биз сүйлөшүп баштадык. Биз болгону 3 ай гана сүйлөштүк. Биринчи көргөндө эле ал сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү адам экенин билгем. 2013-жылдын 7-мартында өзүнүн туулган күнүндө мага үй-бүлө курууну сунуштады. Мен макулдугумду бердим. Ошол убакта мен 20 жашта болчумун. Биз 2016-жылы Рамзан, 2018-жылы Хамза аттуу уулдуу болдук», - деди ал.

Ошондой эле ал спортчунун жубайы болуу оор эмес экенин белгиледи.

«Мага дайыма «спортчунун аялы болуу оор эмеспи?» деген суроону көп беришет. Медалдын эки бети болгондой эле, ар бир иштин жакшы жана жаман жагы болот эмеспи. Ал мелдештерге кеткенде абдан санаа тартам, ал жаракат албай, мелдеш ийгиликтүү өтүшүн жараткандан суранам. Мен анын тандоосун сыйлап, дайыма колдоп келем», - деди ал.

А.Момукулова белгилегендей, ал жолдошу катышкан мелдештерди калтырбай көрөт.

«Үйлөнүү тойдон кийин бир нече күн өткөн соң Тилек мелдешке кетип, мен Таласта калдым. Бир ай өткөндөн кийин гана келди. Тилек мелдешке катышып жатканда уулубуз биринчи кадам таштаганды үйрөнүп жаткан. Тилек жеңишке жеткенде балабыз «Ата, ура!» деген бойдон басып кеткени эсимде. Экинчи уулумду Тилек Тамбада жеңишке жеткенде төрөгөм. Мен ММАнын баардык эрежелерин билем. Мен анын мушташтарын калтырбай көрөм. Кайнатам менен кайненем Тилектин мушташтарын көрүшпөйт. Алар башка бөлмөдө отуруп алышып, «мушташ бүттүбү, уттубу же уткан жокпу?» деп сурашат. Жакынкы арада биз үй-бүлөбүз менен Америкага аттанып жатабыз», - деди ал.

Тилек Жээнбеков 1989-жылы Манас районунун Чат-Базар айылында туулган. 2011-жылы Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-программист бөлүмүн аяктаган. Спорттун грэпплинг, кармашып урушуу, эрежесиз уруш, күжүрмөн самбо түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган. Ошондой эле эрежесиз уруш, панкратион, күжүрмөн самбо боюнча Евразия чемпиону. Спорттогу каймана аты — «Азия арстаны». Бою 197 см болсо, салмагы 111 кг.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×