Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.08.2018 10:54

Айыл турмушу: Москвада бийлеп, 16 жашында коло тагынган мугалим Ч.Ургазиеванын чыгармачылыктагы чыйыр жолу (сүрөт)

Turmush -  Өнөрдү өрнөк туткан, чыгармачылыкка жаштайынан чыйралган Чынаркүл Ургазиева 54 жашта. Ал Чүй облусунун Москва районундагы Арли Арбуду атындагы орто мектебинин мугалими. Балалык, окуучулук жылдары туулуп өскөн Ысык-Көлдүн Бостери айылында өттү. Атасы Бекдөлөт жылкычы болгон. Ошондон улам Чынаркүл уул балдардай ат жалында жетилип, чыйрак, кайраттуу, сабырдуу өстү. Ат үстүнөн жайлоонун кооз гүлдөрүн үзгөнүн, үзөңгү теппей так секирип мингенин айтып келет. Көз алдына элестете күлүп коет да, ошол күндөрүн сагына түшөт. Сагынуу сыры — туулган жерге болгон жан дүйнөсүнүн тартуулуусу, жаштыгын көз ирмем кайрып келген өмүр кайрыгы экендигин сезип да, сезбей да жашай берет. Жайкы каникулда жайлоодо жүргөндө жаш балдарды уй мүйүз тарта олтургузуп алып, сабак окутканычы. Ал өзүнчө педагогикалык поэма. «Алиппе» китебин көтөрүп алып, балдарды көк чөпкө жер-төшөк салдырып олтургузуп, дептердин барагын ар бирине бирден айрып берип, колуна карандаш карматканын айтып бүтпөй боору эзилип күлөт. «Китептеги "Ата, атка така как” деген сүйлөмдү миң ирет окудум го. Жылкычынын кызымын да” деп көз айнегин оңдоп коет. Баарынан да кызыгы, чаң сапыра бийлеткеничи. Ата-энесинен жеме укса да жашырынып өз билгенине өктөмдүүлүк кылчу. Көрсө, ошондо эле эл кадырлаган мугалим, сахнага жан киргизген бийчи боло тургандыгынын эң алгачкы уюткусу жан дилин жай алдырбай турган шекилдүү.

Ал 16 жашында улуттук бийлерди аткарып, коло медалга татыса, жакында «КРдин Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгисин тагынды. Анын чыгармачылык ишмердүүлүгү, педагогикалык философиясы менен аймактык кабарчы таанышты.

«Окуучулук күндөрүмдө Чолпон-Атада уюштурулган “Ак-Куу” бий ансамблинин активдүү катышуучусу элем. Жараткан тартуулаган талантпы же изденүүбү, айтор көптөгөн кароо-сынактарда жеңиштерди багындырдым. Ошондой такшалуу, чыңалуу учурларда Москвага бара турганыбыз жөнүндөгү кабар жүрөгүмдү ээледи. Эми, кандай десем. Өзүмө-өзүм батпай кеттим. Көз алдыма Москва тартылды да калды. Жашоом Москва болду. Буттарымдын, денемдин чарчаганына карабай бассам-турсам бийлеп калбадымбы. Тааныштарым көздөрүн алайта карап коюшат. Мен аларды тоготпой да калчу болдум. Анткени, алдыда Москва да! Ошентип, Москвага да бардык. Искусство өнөрлөрүнүн делегациясында Б.Миңжылкиев, К.Сартбаева, С.Токтакунова, З.Үсөнбаев жана башка белгилүү адамдар жана аларды ээрчий баскан арык чырай, сары чийкил секелек кыз мен жана “Ак-Куунун” кыздары, балдары. Бизди Чыңгыз Айтматов өзү тосуп алды. Элде “Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши” дешет го. Баары жөп жөнөкөй, маданияттуу. Сүйлөшкөнү орундуу. Баскандары жай, салмактуу. Азыр ойлосом ошол топко кошкон кудайга миң мертебе ийилип таазим кылам. Көзүм ачылды. Көкүрөгүм улуу адамдар жашоонун маңызын тартуулаган руханий мүрөк суу экендигин туйду.

Москвада өткөрүлгөн маданият күндөрү декадасында бий солисткасы болуп аткардым. Ал эми кийинки жылы болуп өткөн “Мекеним жөнүндө ырдайм” аттуу фестивалда коло медалдын ээси болдум. Анда 16 жашта элем», – деди ал.

Билим гана бийиктиктин жолу экендигин толук түшүнгөн Ч.Ургазиева азыркы И.Арабаев атындагы КМУдан мугалимдик адистикке ээ болгон. Жолдошу Жапаркулов Эрнис Сокулук районундагы М.Жангазиев атындагы орто мектебинин мугалими. Жакында болуп өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде Билим берүү министрлиги тарабынан «КРдин Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси ыйгарылды.

Ч.Ургазиева: «Чындыгында сыйлыгыма сыймыктанам. Жаштарга билим, тарбия гана бербестен өзүм сүйгөн өнөрдү үйрөтүп келем. Өмүрүмдүн бийиктиги — жолдошумдун жанында, уул-кыздарымдын төрүндө жүргөндүгүм. Балдарга билим берип, өз кесибимди сүйгөндүгүм. Өкүнгөнүм — коомдогу терс көрүнүштөрдүн тез тамыр байлап жатышы. Анын коомго тийгизген таасиринен корком», - деди сыйлык ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×