Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 27.08.2018 10:49

Сокулукта акимдин кубогу үчүн өткөн футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда жаштар арасында 15 тайпа, ардагерлер арасында 8 тайпа акимдин кубогу үчүн футбол мелдешине түштү. Мелдештин жыйынтыгында жаштар арасында Сокулук айыл өкмөтү 1-орунду алса, ардагерлер арасында Фрунзе айыл аймагы жеңүүчү болгонун райондук жаштар жана спорт бөлүмүнөн билдиришти.

«Жылда өтө турчу акимдин кубогу быйыл да жакшы өттү. Анда жаштар арасында 1-орунду Сокулук айыл өкмөтү, 2-орунду Күн-Туу айыл өкмөтү, 3-орунду Орок айыл өкмөтү жана 4-орунду Крупск айыл өкмөтү жеңип алышты. Ошондой эле "Мыкты оюнчу" наамы Кайрат Момункуловго, "Мыкты чабуулчу" наамы Адилет Сооронбаевге, "Мыкты коргоочу" наамы Азис Мамырбаевге, "Мыкты дарбазачы" наамы Талас Дүйшеевге берилди», - деп билдиришти.

Ардагерлер арасында мелдеште 1-орунду Фрунзе айыл өкмөтү, 2-орунду Төш-Булак айыл өкмөтү, 3-орунду Кызыл-Туу айыл өкмөтү жеңип алды. Ал эми Жаудат Ибрагимов мыкты оюнчу, Боря Бактыбаев мыкты чабуулчу, Нурдин Мамбеталиев мыкты коргоочу аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×