Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу 24.08.2018 17:45 Жаңыланды: 24.08.2018 18:27

Азия оюндары-2018: Кыргызстан алгачкы алтын байге менен 17-орунга көтөрүлдү

Turmush -  Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарындагы жыйынтыктар боюнча Кыргызстан 17-орунга көтөрүлдү. Мындай жыйынтык бүгүн, 24-августта жиу-житсу боюнча 69 кг чейинкилер арасында Төрөкөн Багынбай уулу алтын медаль тагынганда жаңыртылды.

Т.Багынбай уулу

Буга чейин Кыргызстан 4 күмүш жана 5 коло байге менен 23-орунда турган.

Жайкы Азия оюндары 2018 Жайкы Азияоюндары2018 (24-август)

2018-жылдагы жайкы Азия оюндарына 45 өлкөдөн 9700дөн ашык спортчу жолдомо алган. Анда спорттун 42 түрү боюнча медалдардын 476 топтому ойнотулуп жатат. 4 жылда бир өтүүчү жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан бул жолу жалпы 202 адам, алардын ичинен 149 спортчу жөнөтүлгөн.

Жакарта шаарында 18-августта башталган оюндар 2-сентябрга чейин улантылат.

24-августка карата Кыргызстандын курама командасы көрсөткөн жыйынтык:

Алтын медаль (1 даана):

- Жиу-житсу боюнча Төрөкөн Багынбай уулу (69 кг чейин);

Күмүш медалдар (4 даана):

- эркин күрөш боюнча Мусаев Магомед (97 кг чейин);

- кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин);

- грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков (60 кг чейин);

- грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг чейин).

Коло медалдын ээлери (5 даана):

- Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин);

- Айпери Медет кызы (76 кг чейин)

- грек-рим күрөшү боюнча Амантур Исмаилов (67 кг чейин);

- Узур Жусупбеков (97 кг чейин);

- оор атлетика боюнча Иззат Артыков (69 кг чейин).

Сүрөттөр: Мамлекеттик спорт агенттиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×