Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 20.08.2018 17:15 На русском

«Кыздын үстүнөн арыз жазган»: Панфиловдогу жигит сүйүктүүсүн досу менен чогуу зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы жигит өзүнүн сүйлөшкөн кызын досу менен чогуу зордуктап, андан соң милицияга сүйүктүүсүнүн үстүнөн уурулук боюнча арыз жазган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган окуя 17-августта болгон.

«Биздин айылдагы бир жигит сүйлөшкөн кызын жолугушууга чакырыптыр. Жанында досу да бар экен. Алар үйдүн ичинде сүйлөшүп отуруп, ал жигит кыздын ой-боюна койбой зордуктап койгон. Андан кийин кызды жанындагы досу да зордуктаптыр. Жабырлануучу каршылык көрсөтүп, кыйкырып жардам сураганына карашкан эмес. Аларга каршылык көрсөткөн кыз үйдүн ичиндеги сыналгы, гитара, досунун автоунаасынын айнегин сындырып салган экен. Жабырлануучу милицияга арыз жазам деп, үйдөн чыгууга аракет жасаганда, аны унаага салып, тоо тараптагы ээн жерге алып барышыптыр. Андан соң сабап, “өлтүрөм” деп коркутушкан экен. Коркуп кеткен кыз балдардан кечирим сураганда, аны кайра айылдын жанындагы жолго таштап кетишиптир.

Териштирүү учурунда шектүүлөр кыздын үстүнөн документтерди уурдады деп арыз жазганы белгилүү болуп жатат», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы: «Бул факты катталган жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын чоо-жайын кийинчерээк билдиребиз», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×