Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЧүй району 15.08.2018 12:45

Чүйлүктөргө корей салты көрсөтүлүп, тамак-ашы берилди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда корей улутунун каада-салты көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштары берилди. Буга аймактык кабарчы да күбө болгон.

Анын алкагында Чүй районунун маданият үйүндө Түштүк Корея Республикасынын жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Рю Сунаёнун кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган маданий иш-чара көрсөтүлүп, концерттик программа да тартууланды. Иш-чара корей жана кыргыз элин жакындан тааныштыруу, ынтымакты дагы бекемдөө максатын көздөйт.

Ошондой эле бул жолугушууда Чүй районундагы көп балалуу 10 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай белек, 20 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×