Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 15.08.2018 11:36 Жаңыланды: 15.08.2018 12:01 На русском

Дипломуна байланыштуу иштен бошотулган Уран Чодуев кайрадан Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Орок айылынын мурдагы башчысы Уран Чодуев Чүй университетинен билим алып келип, кайрадан айыл өкмөт башчы болуп шайланды. Ал буга чейин жогорку билим алганы тууралуу маалыматтар такталбагандыктан прокуратуранын көрсөтмөсү менен айыл өкмөт башчылыктан четтетилген болчу.

Буга чейин аталган айылдык кеңештин төрагасы Эрик Дөөлөткуловдун билдиргени боюнча, У.Чодуев биринчи жолу 2017-жылдын жылдын 28-майында айыл өкмөт башчылыгына 11 депутаттын колдоосу менен 2-турда шайланган.

«Биз ал өткөргөн иш кагаздар менен таанышканбыз. Бирок мынчалык экенинен күмөнүбүз жок эле. Бизде шайлоодо 1-турга 3 талапкер катышкан. 2-турга 2 талапкер катышып, Уран Чодуев 11 добуш менен айыл өкмөт башчы болгон. Бизде 21 депутат бар», - деп билдирген ал.

Ал эми БШКнын 2017-жылдын 24-сентябрда өткөн отурумунда белгилүү болгондой, ал Сокулук районунун прокуратурасынын сунуштамасы менен кызматтан бошотулган.

«Кыргыз улуттук университетинин 2005-2006-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында У.Чодуев жөнүндө маалымат жок болгондуктан кызматынан четтетилди», - деп билдирген шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Айбек Өмүралиев.

Кийинчерээк Орок айыл аймагынын башчысы болуп Уран Чодуевдин аталаш иниси Урмат Чодуев убактылуу келгени маалым болгон. Ал эми ушул жылдын июль айынын этегинде Урмат Чодуевге депутаттар ишеним көрсөтпөй, ал айыл өкмөт башчылыгынан кеткен.

13-август күнү кайрадан Орок айыл аймагында шайлоо өтүп, Уран Чодуев жалгыз талапкер болду.

Сокулук райондук аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоого жалпы 21 депутат катышып, баары тең бир добуш менен Уран Чодуевди шайлашкан.

«Бизге бул жолу Чүй университетинен алган дипломун жана ИИМдин нотариустан күбөлөндүрүлгөн маалым катын алып келип берди. Атайын укук коргоо органдарынын маалым каты келгенден кийин биз дипломду кабыл алабыз», - деп билдиришти аталган райондук шайлоо комиссиясынан.

Turmush басылмасынын кабарчысы Уран Чодуев менен кабарлашканда, ал Чүй университетинде 2013-жылы билим алып баштап, 2017-жылы аяктаганын билдирди.

«Аталган университетке 2013-жылы тапшыргам. 2017-жылы аяктап, бирок эмнегедир дипломду 2018-жылы алдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×