Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 25.09.2018 14:13

Айыл турмушу: Төрт баланын энеси Ж.Токтосунова кыз куумайга түшүп, туристтерге улуттук оюндарды даңазалап келет (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын тургуну Жазгүл Токтосунова 4-5 жылдан бери атайын туристтер үчүн уюштурулган фестивалда алардын суранычы менен кыз куумайга түшөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бизде жыл сайын атайын туристтер үчүн уюштурулган улуттук ат оюндары боюнча фестиваль өтөт. Ал фестивалда кыргыздын каада-салты, үрп-адаты жана эр эңиш, улак тартыш, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндары көрсөтүлөт. Мен бул фестивалда чет жерден келген туристтердин суранычы менен кыз куумайга түшөм. Быйыл дагы адаттагыдай фестиваль өтүп, уюштуруучу Артык Кулубаев "Быйыл дагы туристтер кыз куумайга түшүп берүүңдү суранышты" деди. Мен дароо макул болуп, жолдошум менен кыз куумайга түштүм. Бул мен үчүн сыймык.

Кыз куумай – бул кыргыздын улуттук оюндарынын бири. Илгери жигит кызды жактырып калса кыз куумайга түшүшчү экен. Жигит кызды кубалап жетип, бетинен өбүшү керек. Ал эми кыз болсо жигитке жетип, аны камчы менен чабышы керек. Эгерде кыз балага жетип камчы менен чапса, анда жеңиш кыз тарапта болот. Бирок мага көптөр кубалап жетишпейт. Мен болсо жигитке жетип, аны камчы менен чабууга умтулуп, болгон күч-аракетимди жумшайм», - деди ал.

Жазгүл Токтосунова мал-жандуу үй-бүлөдө төрөлүп, жайлоодо чоңойгон.

«Жылкыны абдан жакшы көрөм. 4-5-классымдан тартып атты жакшы минем. Кыскасы ат үстүндө эле жүрүп чоңойдум. Жолдошум үйдө мал чарбачылык менен алектенет. Ал экөөбүз 9 жылдан бери 2 кыз жана 2 эгиз уулду тарбиялап келе жатабыз. Өзүм болсо кечке үй жумуштары жана балдарымды багуу менен алекмин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×