Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу 09.08.2018 09:17

Чүйдө милиция кызматкерлери волейбол боюнча күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  8-августта Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын календарлык иш-мерчеминин негизинде милиция кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул мелдешке жалпысынан 12 команда катышып, 30 жаштан жогорку курактагылар күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Жайыл РИИБдин командасы 3-орунга чыгышса, Сокулук РИИБдин командасы 2-орунга татыды. Ал эми 1-орунду Чүй ОИИББдин Кайгуул-күзөт кызматынын командасы жеңип алды.

Чүй ОИИББдин башчысы, милициянын полковниги С.Курманкулов жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырып жатып, спорт менен машыгуу ар бир адамды эрктүүлүккө, кайраттуулукка, чыдамкайлуулукка тарбиялай турганын белгиледи. Мындан тышкары милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдетин аткаргандыктан, ар бир кызматкер физикалык жактан да мыкты даярдыкта болуусу зарыл экенин кошумчалап, жеңүүчүлөрдү куттуктап, байгелүү орундарды ээлегендерге кубок, грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×