Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуМосква району 06.08.2018 11:41

Тагдыр: 47 жыл майып арабада отурган «Манас» орденинин ээси премьердин «Ладасына» татыган (сүрөт)

Turmush -  Майыптыгын тагдыр жазмышы катары кабылдаган, велоараба менен Кыргызстандын көп жерлерин кыдырган «Манас» орденинин ээси Брязгунов Владимир Ильич Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Учурда 69 жашта.

Анын балалык, окуучулук күндөрү Беловодск айылында өттү. Туу тутканы – китеп окуу, спорт менен машыгуу. Спорт мектебине такай барып жаңы көнүгүүлөрдү үйрөнүү, денесин чыңдоо көнүмүш адатка айланган. Өмүрлүк жубайы Лена да ушул мектептен билим алып, андан 2 жыл кийин аяктаган. Экөө ушул жерде таанышкан. Бирок, өмүрлүк жуп болорун сезишкен эмес. Владимир Ильич райондун борборундагы эс алуу паркында бош убактысын сейилдөө менен өткөрчү. Селкинчекке түшүп, кайык айдачу. Ушул жайдан, парктан кырсыкка учурап майып болуп каларын түшүндө да көргөн эмес. Анын дал ушундай кубаныч менен күйүткө, спорт менен сүйүүгө айланган жөнөкөй ары татаал, ары катаал жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мектепти аяктаган соң, азыркы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билимимди уланттым. Студенттик күндөр өз орду менен өтүп жатты. Акыркы курста мамлекеттик экзамендеримдин практикалык бөлүмдөрүн тапшырып бүтүп, Беловодск айылына ата-энеме келгем. Күндөрүмдүн биринде эс алуу паркындагы селкинчекте ойноп жатып жыгылгам. Ошондо омуртка сөөк сынган. Кыскартып айтканда кырсык ушундайча болгон. Анда 22 жашта элем. Өмүрүмдүн 47-жайы майып арабада өтүп жатат.

ЖОЖдун теориялык бөлүмү калгандыктан, окууну ийгиликтүү аяктап, дене тарбия мугалими адистигине ээ болдум. Кыргызстанда, Крымда жана башка жайларда дарыландым. Санаторияларга барып, мезгил-мезгили менен ден соолугумду чыңдап келем.

27 жашымда Ленага үйлөндүм. Кесиби – инженер-гидрометролог. Ал мени өтө терең түшүнөт, урматтайт, сыйлайт. Кызыбыз Оля 35 жашта, кесиби – юрист. Мен жашоомдо материалдык жактан көп деле муктаждыгым жок. Лена экөөбүз Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайбыз. Кошуналар менен жакшы мамиледебиз. Кыргыз тилин да түшүнөм. Баягыл паркка, базарга барам. Парктын дарактары да карып, куурап барат. Атаганат, жыл сайын сугарып, жаш көчөттөрдү отургузуп, инфратүзүмүн карап коюшса ээ. Жылдан-жылга жүдөп баратканы көңүлүмдү кейитет. Көңүл кош, салкын мамиледен мен минтип отурбаймынбы. Баары техникалык коопсуздук десек эле жараша береби?», - деди ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелгениме карабастан көп жылдар бою фотосалондордо эмгектенди. Спортту сүйгөндүктөн түрдүү чемпионаттарга да катышып келет. 1995-жылы өмүр жолундагы жетишкендиктерге, өзгөрүүлөргө туш болду. Ал күндөрдү өзгөчө сыймыктануу менен эскерет. Компьютерге баарын топтоп алган. Көңүлү сүйгөн адамга чечиле сүйлөп, андагы ар бир сүрөткө, сюжетке комментарий берип, жаш баладай кубана аңгеме курат.

«1995-жылы “Манас–1000” мааракеси өтүлбөдүбү. Ошондо ушул 3 буттуу жөпжөнөкөй арабам менен Чаек–Каракол–Бишкек–Талас багыттары боюнча жүрүш жасагам. 13 күн жол жүрүп, 1100 км аралыкты бастым го. Ошондо “Манас” ордени менен сыйлангам. Ошондой эле Японияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка да катыштым. Андагы ийгилигим үчүн ошол жылдардагы премьер-министр Апас Жумагулов "Лада" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа ыйгарган. Ушул велоараба экөөбүз 24 жылдан бери биргебиз. Бузулса өзүм оңдоп алам. Май талап кылбайт. Учурда 50 миң км жүрдү», - дейт «Манас» орденинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×