Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 02.08.2018 09:56

Акыркы суткада өлкө аймагында 30 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 30 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 31 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 2-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкек—Чалдовар унаа жолунун 89-чакырымында, тактап айтканда Панфилов районунун аймагында «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Абдрахманов айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 86 чарчы метр чатыры жана 450 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×