Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 27.07.2018 15:14

Панфиловдо онго жакын көлмөгө эскертүү такталары орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Панфилов районунун Кайыңды шаарында жайгашкан көлмөлөргө жакын жашаган тургундарга сууга түшүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, түшүүгө мүмкүн болбогон көлмөлөргө «Сууга түшүүгө тыюу салынат» деген эскертүү такталары илинди. Аталган иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аткарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Панфилов району боюнча жай мезгили башталгандан бери бир адам сууга чөгүп каза болгон.

Панфилов районунда жалпысынан 44 көлмө бар болсо, анын ичинен бешөө суу сактагыч, калганы көлмө жана башкалар. Эл көп түшкөн ондон ашуун көлмөлөргө кулактандыруулар, эскертүүлөр жазылган такталар илинди.

Ал эми Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Шамил Исраилов: «Уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө сууга түшүү керек. Тааныш эмес, балыры көп көлмөлөргө түшүүгө уруксат эмес жана алыс жерлерге чейин сүзүп барууга тыюу салынат. Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда жана спирт ичимдиктерин ичип алып мас абалда сууга түшүүгө болбойт. Сууга чөгүү кырсыктарынын себептери көбүнчө үшүп калуудан, ичиркенүүдөн келип чыгат. Ачык суу айлампаларында 15 градустан төмөнкү температурадагы сууга түшүүгө тыюу салынат. Анткени ичиркенүүдөн адам кокусунан эсин жоготуп калышы мүмкүн», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×