Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 25.07.2018 12:29

Айыл турмушу: Спорттун 7 түрү менен машыккан Илер бир күндө 3 мелдештен 1-орунду ээлеген (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун 18 жаштагы тургуну Илер Бахтияр уулу кышкысын шарты жок залда, жайкысын көчөдө машыгып келет. Ал бир күндө 3 мелдешке катышып, үчөөндө тең алдыңкы орунду багындырганын унутпайт. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Илер быйыл Панфилов орто мектебин окуп бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырды. Учурда спорттун бир нече түрү менен машыгат.

«Спорт менен 5-класстан бери алектенем. Бокс, тай бокс, кикбоксинг, грэпплинг, жиу-житсу, эрежесиз эр таймаш жана бирма боксу менен машыгып келем. Бокс боюнча Чүй облусунун, тай боксу боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, грэпплинг боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, жиу-житсу боюнча 2 жолку, бирма боксу боюнча өлкөнүн 4 жолку, Азиянын 3 жолку чемпиону, ММА боюнча өлкөнүн 4 жолку жана Азиянын чемпиону болууга жетиштим. Ошондой эле көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсүмүн», - деди ал.

Спортчу кышкысын шарты жок залда, жаз, жай айларында көчөдө машыгат.

«Заманбап салынган залда машыксаң деле дараметиң жок болсо, сенден эч нерсе чыкпайт. Ошондуктан биз шарт жок деп отурбай, көчөдөн машыксак да алдыңкы орундарды атаандаштарга бербей келебиз. 2016-жылы бир күндө 3 мелдешке катышып калдым. Тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жана жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш өтүп жаткан. Ал күнү 3 мелдеште тең 1-орунду алып, машыктыруучум экөөбүз абдан кубанганыбыз эсимден кетпейт. Келечекте Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткым келет» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×