Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 24.07.2018 16:32

Суусамырда 3 өрөөндүн оюнчуларынын көк бөрү боюнча мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 23-июлда Суусамыр жайлоосунда көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргыз күрөш федерациясынын Талас облусундагы президенти Доскул Бекмырзаев билдирди.

«Бул оюнду элдин суранычы менен уюштурдук. Ага Чүй, Талас жана Суусамыр өрөөнүнөн жалпы 13 команда катышты. Мурда ата-бабаларыбыз улакты тай казанга эмес, чапанга таштап ойногон. Ошондуктан бул оюнда дагы улакты чапанга таштап ойношту. Жыйынтыгында «Суусамыр» командасы жеңишке жетип, 20 миң сом баш байгеге ээ болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×