Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусу 16.07.2018 10:47

Чүйлүк 3 спортчу самбо боюнча Россияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Чүйлүк спортчулар самбо боюнча Россиянын Орел шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга самбо боюнча Чүй облусундагы команданын башкы машыктыруучусу Эмил Абдралиев билдирди.

Анын айтымында, спортчулар буга чейин Балыкчы шаарындагы мелдешке катышып, тандоо турунан өтүшкөн. Ага Чүйдөн жалпы 20 спортчу барып, анын үчөө жеңишке жетишкен.

«Чүй облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы Ысык-Көлгө 20 спортчуну 10 күнгө жөнөткөн. Ар бир райондон 3-4 спортчу бар.

Самбо боюнча Балыкчы шаарында мектеп окуучуларынын арасында тандоо туру өттү. Тандоо турунан өткөн чүйлүк 3 спортчу 23-28-август күндөрү Орёл шаарында өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты. Алар — 42 кг салмактагы Абдумалик Мусаев, 50 кг салмактагы Эрмек Сүйүмкулов, 55 кг салмактагы Адилет Кубаныч уулу. Чүй облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жардамы менен спортчулар жакшы даярдык көрүштү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×