Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Кант 16.07.2018 09:20

Айыл турмушу: А.Аалыевди Оштун «Алай» командасынын күйөрмандары эмне себептен таң калтырган? (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 22 жаштагы тургуну Адилет Аалыев 3 жылдан бери Чүйдөн чыккан футбол командаларына басма сөз катчысы болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Футболго бала кезден аябай кызыгам. Ушундан болсо керек, кесибимди да футболго жакындатып алдым. Өзүм Улуттук компьютердик №5 гимназияны аяктап, андан соӊ И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен билим алып чыккам. Эӊ алгачкы эмгек жолум 2016-жылы "Кара-Балта" футбол тайпасына басма сөз катчысы болуу менен башталды. Дал ушул кезде кыйынчылыктар көп болду. Тажрыйба жок болуп, жаңы келгенде бардык регламенттик шарттарды билбей, түшүндүрүп айткан киши жок, жетекчилерден көп сөз уккам. Бирок аз-аздан үйрөтүп, туура жолду көргөзгөн адамдарга аябай алкыш айткым келет.

Эң биринчи иш күнүмдө "Кара-Балта" тайпасы "Алдиер" тайпасы менен беттешип, дарбазага 9 топ киргизип, жеӊиш менен кайтканбыз. Формабызга дизайн ойлоп таап тиктирип, Кыргызстандын тарыхында алгачкылардан болуп катталып калдык. Андан соӊ, 2018-жылы "Алга Бишкек" тайпасынын басма сөз катчысы болуп ишке орноштум. 2017-жылы "Эӊ мыкты басма сөз катчы" сыйлыгын Кыргызстан футбол лигасынын атынан алганбыз», - деди ал.

Адилет Аалыевди Оштун «Алай» тайпасынын күйөрмандары эмне себептен таӊ калдырганын да айтып берди.

«Ош шаарына келип Алай тайпасынын күйөрмандарын көрүп аябай таң калгам. Анткени 5000 киши бирдей кыйкырып, сүрөп турушат экен. "Дордой" командасынын "Фан" тайпасы дагы башка шаарларга чыкканда колдоп бергени аябай кызыктырып, сүйүндүрөт. Бул биздин өлкөдө футбол сүйүүчүлөрдүн көбөйгөнүнө жана футбол маданиятынын өсүп баратканынан кабар берет», - деди ал.

Адилет 1996-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×