Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу, КЕмин 13.07.2018 16:13

Кеминде Чу дарыясынын сол жээги бекемделди (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынын сол тарабында жайгашкан Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аягына чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга раймамадминистрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган аймакта жайгашкан 3 сарай турак жайы менен, жол, чарбактарды, мүрзө жана мамлекеттик чек араны суу жеп кетүү коркунучу бар эле. 2017-жылы авариялык аймактарды калыбына келтирүү иши планга киргизилип, анын негизинде кооптуу деп эсептелген Чу дарыясынын сол жээги бекемделди.

«ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти тарабынан Чу дарысыянын жээгин бекемдөө иштери 2018-жылдын 2-майында башталып, 11-июль күнү аяктады. Аткарылган ишке 7 млн 800 миӊ сом жумшалды. Чу дарыясынын узундугу 325 метр», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×